БИШКЕК, 7-фев. — Sputnik. Казакстанда ок тийип өлүмүш болуп жаткан карышкыр аны тепкен мергенчини тиштеп ала жаздады. Видео kaztwitter аттуу колдонуучунун Instagram баракчасына жарыяланды. Окуя кайда болгону так жазылган эмес.
Аңчылардын бири жырткыч менен видеого түшүүнү каалап, камерага тартып жаткан кишинин "абайла, бул тирүү" деген сөзүнө карабай кардын үстүндө жаткан карышкырды артынан тээп ийген. Кашаба ордунан туруп, аны тиштеп алууга аракеттенген.
Окуянын мындай болуп кетерин күтпөгөн тегеректеги кишилер кыйкырып, мылтыкты кармап тургандардын бири аны атып салууга жетишкен.
Буга чейин Баткенде жылкыга тийип, элди дүрбөлөңгө салган тогуз карышкыр атылган.