БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы 25-26 январда Иранда өтө турчу Takhti Cup турнирине катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясынан кабарлашты.
Турнирдин алкагында 10 медаль ойнотулат.
Учурда курама командадан 30 бала Бишкекте өтө турчу Азия оюндарына карата Ысык-Көлдө машыгууларын өткөрүп жатат. Спортчулар улук машыктыруучу Азат Эркимбаевдин көзөмөлүндө.
Takhti Cup турнири 2015-жылдан бери өтүп келет. Ага курама команда биринчи жолу катышууда.