Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинде кандай сунуштарды айтты

© Фото / пресс-служба МИД КРСовет безопасности Организации Объединенных Наций в Нью-Йорке
Совет безопасности Организации Объединенных Наций в Нью-Йорке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйындарына катышкан министр Эрлан Абдылдаев бир катар маанилүү жолугушууларды өткөрдү

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Жума күнү, 19-январда, Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Нью-Йорк шаарында өткөн БУУнун Коопсуздук кеңешинин жыйындарына катышты.

© Фото / пресс-служба МИД КРЗаседание Совета безопасности Организации Объединенных Наций в Нью-Йорке (США)
Заседание Совета безопасности Организации Объединенных Наций в Нью-Йорке (США) - Sputnik Кыргызстан
Заседание Совета безопасности Организации Объединенных Наций в Нью-Йорке (США)

Иш-чаралардын бири — Борбор Азия, Афганистан жана БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө өлкөлөрдүн министрлеринин катышуусундагы жыйын.

"Абдылдаев өз сөзүндө Афганистанда тараптарды элдешүүгө чакыруу демилгесин Кыргызстан колдорун билдирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев АКШнын Нью-Йорк шаарында өтүп жаткан БУУнун коопсуздук кеңешинин жыйынынын алкагында россиялык кесиптеши Сергей Лавров менен жолугушту - Sputnik Кыргызстан
Эрлан Абдылдаев менен Сергей Лавров АКШда жолугушту
Министр катышкан кийинки жыйын "С5+1" (Борбор Азия жана АКШ) форматындагы жолугушуу болду.

Бул жерде кыргыз министри аталган кызматташууну АКШ менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы алаканы бекемдөөгө колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.

Ошондой эле Абдылдаев БУУнун башкы катчысынын контртеррордук башкаруу боюнча орун басары Владимир Воронков менен жолугушуп, коопсуздук жана экстремизмге каршы күрөш боюнча пикир алышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0