00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Instagram жылдызы Айжан Байзакова коомчулукту ага күйөө издөөгө чакырды

Жазылуу
Жылдыз кыз аны менен кантип күрөшүү керектигин айтып берген

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Instagram жылдызы казакстандык Айжан Байзакова коомчулукту ага күйөө издөөгө чакырды. Бул тууралуу Sputnik Казакстан анын Telegram каналына шилтеме берип жазды.

Интернет колдонуучуларын кызыл чеке түшүргөн блоггер кыз анын аккаунтун өчүрүп, конкурс өткөн барды жаап, камап коркутуудан майнап чыкпай турганын билдирген.

"Силер андан көрө мени казак жигитине турмушка узаткыла. Ошондо бир жылдан кийин жүрөгү бош, бактылуу кыздарды жек көрүп силердин катарыңарга кошулуп калам. Андыктан мени жек көргөндөр, мага эр издегиле", — деди Байзакова.

Ал ошондой эле Алматынын абагында аны эч ким кыйнабаганын жазды.

"Айрым ушактарды жокко чыгарып коёюнчу. Абактан мени эч ким зордуктап, сабаган жок. Бул болгону айың кептер", — деди ал.

Instagram жылдызы ага карата коркутуулар дагы болгонун айтып өткөн.

"Аябай катуу коркутуулар болду. Мени өрттөп, өлтүрүп, союп салгылары да келди. Айкөл элибиз эмнелерди гана кылгысы келген жок… Ушул жерден бир нерсени такыр түшүнбөй турам. Сөгүнгөн, чечинген жаман дагы адам өлтүргөн жакшыбы?", — деп суроо салды ал.

Зоопарктагы зебралар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Соцтармак кызыктары: Таласты аралаган “зебра”, дүңкүйгөн жигиттер
Байзакова 17-декабрда түнкү клубдардын биринде кыздар арасында чечинүү конкурсун өткөргөн. Сот Байзакова коомдук тартипти жана этикалык нормаларды бузганы үчүн үч күнгө эркинен ажыратуу чечими кабыл алынганын маалымдашкан.

Сынактын эрежеси боюнча 50 миң теңгелик байге дырдай жылаңач чечинген кызга берилмек. Кеченин видеосу социалдык тармактарга тараган. Анда жылаңачтанган кыздарды көрүүгө болот. Ал эми алып баруучу башка кыздарды дагы сынакка катышууга чакырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0