00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только
ОСАГО — обязательное, но игнорируемое. Почему кыргызстанцы не спешат оформлять автостраховку
20:06
45 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Наука, блогерство и русский язык в фокусе внимания: кто и зачем приехал в «Сердце Евразии»
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
"Экономикалык басым" соода аркылуу кантип дүйнөгө таасирин тийгизүүдө?
17:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Медфак КРСУ: практика от врачей, конкурсы за границей и жизнь без скуки
18:07
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
"Манас" эпосундагы Сибирь өрөөнүнө караштуу жер аталыштары: Сибирь фольклорунун III форуму болуп өттү
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Максимальный репост
От сцены до стратегии: зачем театру нужен современный менеджер
20:06
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Медициналык ишкердикти талапка ылайык келтирүү. Лицензиясы жок уюмдар коомчулукту тынчсыздандырбайбы?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ата Журтка тийсе экен деп керегим... Элеттиктердин элге жаккан иштери

© Фото / Бактыбек БайматовҮч баласы менен калган жалгыз бой аял Айжамал Мамырова. Архив
Үч баласы менен калган жалгыз бой аял Айжамал Мамырова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айыл жериндегилерди кубанткан иштердин арасында аялдама куруу, жол салуу, байрак орнотуу жана муктаждарды үйлүү кылуу демилгелери болду

Өтүп кеткен 2017-жылда муктаждарга кол сунуп, айыл жериндегилердин маселесин чечүүгө аракет кылган иштер арбын болду. Sputnik Кыргызстан агенттиги электтик колу ачык адамдардын жасаган иштерин тизмектөөнү эп көрдү.

Ата Журтка тийсе экен деп керегим…

© Фото / пресс-служба Министерства здравоохранения КРБалыкчыдагы гемодиализ борборунун ачылышы
Открытие центра гемодиализа в городе Балыкчи - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыдагы гемодиализ борборунун ачылышы

Балыкчылык жеке ишкер 10 милион сом акчасын пайдалуу ишке жумшап жергиликтүүлөрдү кубантты. Ал шаарга гемодиализ борборун куруп берип, тиешелүү жабдуу менен камсыздап, пайдаланууга өткөрүп берген. Учурда ал жакта бөйрөк оорусу менен жабыркаган жарандар дарыланып келет.

© Фото / Эмил МусуралиевЧүй облусунун Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты, стоматолог Адилет Канымбеков
Стоматолог, депутат айылского кенеша села Кунтуу Чуйской области Адилет Канымбеков - Sputnik Кыргызстан
Чүй облусунун Күнтуу айылдык кеңешинин депутаты, стоматолог Адилет Канымбеков

Таластагы жеке ишкер айым Талас районунун Чат-Базар айылынын негизги чоң жолун жарыктандырып берсе, 26 жаштагы тиш доктур өзү туулуп өскөн Чүй облусунун Күнтуу айыл аймагына жети аялдама куруп берген.

Жакшылыкта жарышкан азаматтар

© Фото / Кенжебек Салимбеков Лейлектеги Арка айылынын жолун оңдоп берген бүтүрүүчүлөр
Ремонт сельской дороги выпускниками села Арка в Лейлекском районе - Sputnik Кыргызстан
Лейлектеги Арка айылынын жолун оңдоп берген бүтүрүүчүлөр

Эрте жазда Лейлек районунун Арка айылындагы классташтар айылдагы бир чакырым жолду оңдошкон. Кичи мекенине жардам берем дегендер жолду эки күндө эле кайра колдонууга берген.

© Фото / Бактыбек БайматовСтепное айылында жашаган Мамыровдордун үй-бүлөсү үчүн курулган турак жай
Строительство дома для семьи Мамыровых в селе Степное - Sputnik Кыргызстан
Степное айылында жашаган Мамыровдордун үй-бүлөсү үчүн курулган турак жай

Дагы бир демилгечил жаштар үч балалуу энени ак өргөлүү кылышкан. Жардамга муктаж айымга колу ачык инсандар акча чогултуп, Чүйдүн Степное айылына алты бөлмөлүү үй куруп беришти. Андан сырткары, маршрутка жууп балдарын жана улгайган апасын баккан жалгыз бой келинди конуштуу кылууну максат кылышкан.

Майрамга эмес, муктажга

© Фото / Ишенбек КуржунбаевКочкор районунун Кара-Суу айылынын бүтүрүүчүлөрү көп балалуу үй-бүлө үчүн там куруп беришүүдө
Выпускники села Кара-Суу Кочкорского р-на строят дом для многодетной семьи - Sputnik Кыргызстан
Кочкор районунун Кара-Суу айылынын бүтүрүүчүлөрү көп балалуу үй-бүлө үчүн там куруп беришүүдө

Өтүп кеткен жылы 10, 20 жыл мурун мектепти бүтүп кеткен азаматтар кичи мекениндеги түрдүү социалдык маселелерди чечип, көпчүлүккө үлгү боло алышты. Чогулткан каражатына мал союп, эл көрсүн үчүн той өткөрбөстөн, муктаждарга кол сунган. Алсак, Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы мектепти мындан 20 жыл бүтүрүп чыккандар ошол айылдагы майып болуп калган беш балалуу адамга үй куруп беришсе, ошол эле облустун Эмгекчил айылындагы мектепти 10 жыл мурда бүткөн жигиттер ижарага үй алып көчүп-конуп жүргөн пайгамбар жашындагы айылдашын там-таштуу кылышты.

© Фото / Айбек ЖолдошевНарындын Эмгекчил айылынын жашоочусуна үй курулуп жатат
Постройка дома для пожилого жителя села Эмгекчил Нарынского р-на - Sputnik Кыргызстан
Нарындын Эмгекчил айылынын жашоочусуна үй курулуп жатат

Ак-Талаа районундагы Коңорчок айылынын демилгелүү жаштары адырга бийиктиги 15 метрге жеткен мамлекеттик байрак орнотсо, ошол эле ишти Ат-Башы районунун Ак-Муз айылындагылар да улантып, бийиктиги 12 метрлик туу орнотуп беришкен.

© Фото / Элдос Акылбеков№25 мектептин мугалими Бурул Садыкова
Учительница школы №25 Бурул Садыкова - Sputnik Кыргызстан
№25 мектептин мугалими Бурул Садыкова

Эң кызыгы, Алай районунун Каблан-Көл айылындагы Эшкул Мурзаев атындагы №25 мектептин 20 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү эң мыкты окуучу менен мугалимге Дубайга 10 күндүк эс алууга жолдомо алып беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0