Айылга аялдама курган жаш стоматолог Адилет: башы, ичи ооруса да мага келе беришет

© SputnikЧүй облусунун Күнтуу айылдык кеңештин депутаты, тиш доктур Адилет Канымбеков маек учурунда
Чүй облусунун Күнтуу айылдык кеңештин депутаты, тиш доктур Адилет Канымбеков маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адилет Канымбеков өзү туулуп өскөн Чүй облусунун Күнтуу айыл аймагына өз каражатына жети аялдама куруп берген. 26 жаштагы тиш доктур былтыр айылдык кеңештин депутаты болуп шайланып, учурда эл жүгүн аркалап кызмат өтөөдө.

Канымбековду Sputnik Кыргызстан агенттигине маекке чакырганыбызда алгачкы сөзүн "эркек болуп төрөлгөн соң, элимди мен көтөрбөй ким көтөрөт" деген кеп менен башталды.

— Айылга аялдама куруп берүүгө эмне түрткү болду?

— Күнтуу айыл өкмөтү шаардан 13 чакырым алыстыкта турат. Буга чейин аялдамага байланышкан көйгөйлөр арбын эле. Былтыр да жаштардын демилгеси менен төрт аялдама курулган. Быйылкы жылы мен да туулган жериме салым кошууну туура көрдүм. Мунун алкагында Чоң-Жар жана Шалта айылына аялдамаларды тургуздук. Ага ар түрдүү жарнамаларды жабыштырбай, элдин маданиятын көтөрүү максатында "Манас" эпосунан сүрөттөр жана учкул сөздөрдү жазганбыз.

© Фото / Эмил МусуралиевАдилет Канымбеков: буга чейин аялдамага байланышкан көйгөйлөр арбын эле. Былтыр да жаштардын демилгеси менен төрт аялдама курулган. Быйылкы жылы мен да туулган жериме салым кошууну туура көрдүм
Стоматолог, депутат айылского кенеша села Кунтуу Чуйской области Адилет Канымбеков - Sputnik Кыргызстан
Адилет Канымбеков: буга чейин аялдамага байланышкан көйгөйлөр арбын эле. Былтыр да жаштардын демилгеси менен төрт аялдама курулган. Быйылкы жылы мен да туулган жериме салым кошууну туура көрдүм

— Ар бир аялдамага канча каражат короду?

— 12 миң сомдон сарпталды. Аны орнотуу иштерине айыл жаштары катышкан. Ал эми айыл өкмөт жетекчилиги аялдаманын астына куюлган цементти алып берди.

— Жергиликтүү кеңеште да иштейт экенсиз, өзүңүздүн негизги кесибиңиз менен иштөөгө жетишип жатасызбы?

— Негизги жумушум тиш дарыгери болгондуктан иш күндөрү эртеден кечке клиникада болом. Айылдык кеңештин сессияларын өткөрүүнү ишемби күнгө коюп алганбыз. Ал эми дем алыш күнү эл менен жолугуп алдыга койгон иштерди талкуулайбыз.

© Фото / Эмил МусуралиевКурулган аялдамалардын ар бирине 12 миң сомдон сарпталган. Ага түрдү жарнамаларды жабыштыруунун ордуна "Манас" эпосунан сүрөттөр коюлуп жана учкул сөздөр жазылган.
Остановка построенная стоматологом Адилетом Канымбековым - Sputnik Кыргызстан
Курулган аялдамалардын ар бирине 12 миң сомдон сарпталган. Ага түрдү жарнамаларды жабыштыруунун ордуна "Манас" эпосунан сүрөттөр коюлуп жана учкул сөздөр жазылган.

— Кайсы окуу жайды аяктагансыз?

— Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академияда окугам. Алган билимди дагы да тереңдетүү үчүн Кытай, Россия сыяктуу чет мамлекеттерге барып семинарларга катышып турам. Бул тармакта иштеп баштаганыма быйыл беш жылдын жүзү болду. Атам да көп жылдан бери тиш дарыгери болуп эмгектенет. Мен окуп жатканда атам мугалимдерге чалып сурап тургандыктан сабакка үзгүлтүксүз катышып, жакшы билим алуума себеп болгон.

— Учурда кайсы жерде иштеп жатасыз?

Строительство дома для семьи Мамыровых в селе Степное - Sputnik Кыргызстан
Чиедей үч баласы менен калган жалгыз бой энеге 6 бөлмөлүү үй курулуп жатат
— Учурда атам негиздеген стоматологиялык клиниканы иштетип жатам. Жакынкы күндөрү өзүмдүн да жеке клиникам ишке кирет. Мага айылдыктар көнүп калышкан, тиши эле эмес, башы, ичи ооруса да келе беришет (күлүп). Тиш оору мезгилге да карабайт экен да, түнбө, майрамбы, айтор ооруганда чакырып турушат. Жаңыдан иштеп баштаганда бир-эки досум менден тишин дарылатып айылга аябай мактап барышыптыр. Ошентип айылдын "жылдызына" айланып кеттим. Мен барган сайын тиштерин каратканы келе беришчү. Көчөдөгү бир электр мамысына прожектор коюлган болчу, ошонун жарыгы менен тиштерин карап ар кандай диагноз коё берчүмүн. Алар да мага ишенип, артта 20-30дайы кезекке туруп калчу. Азыр ошол күндөрдүэстесем күлкүм келет.

© SputnikАдилет Канымбеков: негизги жумушум тиш дарыгери болгондуктан иш күндөрү эртеден кечке клиникада болом. Айылдык кеңештин сессияларын өткөрүүнү ишемби күнгө коюп алганбыз. Ал эми дем алыш күнү эл менен жолугуп алдыга койгон иштерди талкуулайбыз
Стоматолог, депутат айылского кенеша села Кунтуу Чуйской области Адилет Канымбеков - Sputnik Кыргызстан
Адилет Канымбеков: негизги жумушум тиш дарыгери болгондуктан иш күндөрү эртеден кечке клиникада болом. Айылдык кеңештин сессияларын өткөрүүнү ишемби күнгө коюп алганбыз. Ал эми дем алыш күнү эл менен жолугуп алдыга койгон иштерди талкуулайбыз

— Биздин эл катуу ооруп чадатпай калганда гана дарыгерге кайрылат эмеспи…

— Ооба. Көпчүлүк учурда ушундай болот. Бирок аларды да түшүнүү керек. Азыр бир тишти даарылоонун орточо баасы 500дөн 1500 сомго чейин жетет. Балким социалдык абалына байланыштуу каражат жагынан кыйналып келе албай жүргөндүр. Айрым өлкөлөрдө ар алты ай сайын милдеттүү түрдө тишин медициналык кароодон өткөрүп турушат.

— Тишти туура эмес дарылап алган окуялар болгонбу?

Астролог Жанар Кадыралиев - Sputnik Кыргызстан
Астролог Кадыралиев: өлүмдөн башкасын айтып бергенибиз деле жетиштүү
— Мен 3-курста окуп жүргөндө бир чач тарач досум тишин дарылап берүүнү суранды. Азыр практикадамын десем "сага ишенем, жасай бер" деди. Макул болуп акысыз жасап пломба коюп бердим. Анан эле эки саттан кийин чалып "жанагы койгон тишиң түшүп калды" десе болобу… Аябай коркуп ошол жерде тиш доктур болгонума өкүнүп, мындан көрө юрист болсом болмок деп ичимден сүйлөнүп жаттым. Анан эртеси кайра чакырып мугалимдин көзөмөлү менен кайра коюп бергем. Азыр ал үй-бүлөсү менен келип дарыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0