Унаадагы видео байкоого тартылып калган кадрдан айдоочу сол жакка бурулуп жатканда кайдан-жайна белгисиз Niva унаасынын келип калганын көрүүгө болот. Башында ал видеодон көрүнгөн эмес. Бул окуя Барнаул шаарынын Ленин районунда болгону айтылат.
Муну көргөндөр "арбак машина" экен десе, башкалары ал жолдун чети менен келгендиктен кадрга түшпөй калган дешүүдө.
"Унаанын ары жактан келе жатканын көргөн эмесмин, ал арбак окшойт", — деп жазган Рахул Алекберов аттуу колдонуучу.
Байкоо салгандар "арбак машинанын" күтүүсүз жерден пайда болуп калышынын себеби жуулбаган терезе, туман же унаанын жарыктары күңүрүт болушу мүмкүн экени болжошту.
Көпчүлүгү машина жолдун кесилишинде жайгашкан автобустар токтоочу аялдама менен жүрүп келип кадрга илинбей калышы мүмкүн дегенге токтолгон.