БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Чүй облусундагы эки спорттук мектепке олимпиадалык стандарттагы бокс рингине сертификат тапшырылды. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы кабарлады.
Ошондой эле Аманкулов Панфилов районунун акими Дамир Кулубаев менен жолугуп, аймактагы дене тарбияны өнүктүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.
Ушул эле күнү Мамагенттиктин жетекчиси Москва районундагы жаштар жана балдар спорт мектебине баш багып, ал жакка дагы бокс рингинин сертификатын тапшырган.
"Бүгүн райондун жашоочулары үчүн чоң майрам. Дагы бир зал олимпиадалык стандарттагы бокс ринги менен камсыздалып жатат. Келечекте бул залда өлкөнүн гана эмес, Азиянын, дүйнөнүн чемпиондору өсүп чыгаарына ишенем", — деди Аманкулов.
Эске сала кетсек, быйыл Мамагенттик Кемин районундагы Борду айылынын спорт залына бир комплект дзюдонун татамиси, эки олимпиадалык күрөштүн килеми жана Ысык-Ата районундагы балдар жана жаштар спорт мектебин бокс ринги менен камсыздаган.