БИШКЕК, 19-дек. — Sputnik. Бангладештин түштүк-чыгыш аймагында орун алган Читтагонг шаарынын мурдагы мэринин тажиясында төө бастыга калып кеминде 9 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги bdnews24 маалымат порталына шилтеме берүү менен билдирди.
Ага ылайык, жаракат алгандардын саны дагы бир топ.
Полиция каза болгондордун саны мындан дагы көп болушу мүмкүн деп чочулоодо.
Окуянын чоо-жайы боюнча укук коргоо органдары азырынча толук маалымат бере элек.