БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти Марат Козукеев 8-декабрь күнү дүйнө салганын кесиптеши Жолдошбек Жанжигит уулу билдирди.
Анын айтымында, Козукеев кант диабети менен жабыркап жүргөн.
“Жумуштан үйүнө кечинде келип, жуунуп чыгып эле жыгылыптыр. Тез жардам келгиче эле өтүп кеткен экен”, — деди Жанжигит уулу.
Эскерте кетсек, 47 жаштагы Козукеев Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси болуп эмгектенип, кыргыз-түрк “Манас” университетинде да окутуучулук кесипти аркалаган.
Жанжигит уулу маркумдун сөөгү кичи мекени Панфилов районундагы Эркин-Сай айылында жерге берилерин маалымдады.
Марат Козукеевдин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине берген акыркы маегин бул жактан окуңуздар>>