13-декабрь күнү Москва шаарында эл аралык "Miss Asia Russia — 2017" сынагынын финалы болуп өттү. Баш байгеге Башкыртстан, Бурятия, Владивосток, Вьетнам, Дагестан, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Непал жана Якутиядан барган сулуулар ат салышты.
Булардын арасынан эң мыкты деп 18 жаштагы бурятиялык София Замбалова табылды. Ал эми биринчи вице-мисс вьетнамдык Елена Нгуен, экинчиси кытайлык Ли Ционе болду.
Ал эми кыргызстандык Назик Маатказиева "Мисс Шарм" титулуна ээ болду. 23 жаштагы Назик мурда "Кыргызстан сулуусу — 2017" сынагынын биринчи вице-мисси болгон.

Miss Asia Russia сынагынын финалы шаршемби күнү Москва шаарында өттү

Финалга интернет добуш берүү жана тандоо турларынан жеңген 15 сулуу катышты

Баш байгеге Башкыртстан, Бурятия, Владивосток, Вьетнам, Дагестан, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Монголия, Непал жана Якутиядан барган сулуулар ат салышты

Сынакка даярдануу маалында кыздар рекламалык кампанияларга, кайрымдуулук иш-чараларына катышты

Сынактын катышуучусу улуттук кийими менен

Гримм бөлмөсү

Сынактын жеңүүчүсү деп 18 жаштагы бурятиялык София Замбалова табылды. Учурда София спорттук менеджмент адистиги боюнча билим алууда

Miss Asia Russia сынагынын катышуучулары

Бири-бирин сынай караган сулуулар

Якутиядан жана Саратов облусунан келген катышуучулар
