Анда Индонезиядан келген 21 жаштагы Кевин Лиллиана баш байгени алды. Биринчи вице-мисс деп Шанель Вилельмина Мария (Кюрасао) табылса, андан кийинки орундарды венесуэлалык Диана Макарена Кросе Гарсия, Эмбер Дью (Австралия) жана япониялык селки Нацуки Цуцуи алган.
Дүйнөлүк сулуулук сынагына катышкан ай чырайлуу бийкечтердин сүрөтүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин даярдаган түрмөгүнөн көрүңүз.

Конкурстун жеңүүчүсү 21 жаштагы Кевин Лиллиана (Индонезия)

Иш-чарага катышкан 70 сулуунун бардыгы өз мамлекетиндеги улуттук конкурстарда жеңишке жеткен

Мьянмалык Сяо Йоун Вади. 22 жаштагы сулуу ресторандын ээси

Мексикадан келген 23 жаштагы Читлали Хагиера улуттук кийим менен

Индиянын намысын талашкан 22 жаштагы Анкита Кумари

21 жаштагы Эмбер Дью (Австралия). Ал "Дене мүчөсү келишкен сулуу" наамына ээ болду

Купальник кийген бийкечтер

АКШдан келген 26 жаштагы Шанель Жеймс бизнес-консультант болуп эмгектенет

Боливиялык 23 жаштагы сулуу Карла Патриция Малдонадо Симонинин көйнөгү эч кимди кайдыгер калтырган жок

10 "Miss Internatoinal. Europe" наамы Улуу Британиядан келген 23 жаштагы Эшли Пауэлге берилди

Гонконгдон келген Винг Вонг улуттук кийимин көрсөтүүдө. Ал 20 жашта

Бразилиялык сулуу Бруна Занардо

Панамадан келген Дарелис Сантос

Miss International конкурсунун жеңүүчүлөрү

25 жаштагы Линг Цу Си Тайвандын таламын талашты

Венесуэлалык Макарена Кросе Гарсия конкурста экинчи вице-мисс болду

Жоселин Милз Эквадордон келген. Ал 23 жашта