Ош шаарында эски мектептин ордуна бала бакча курулат

© Фото / пресс-служба мэрии ОшаОш шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында бала бакчанын курулушу пландалууда
Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында бала бакчанын курулушу пландалууда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Ош шаарында 41 бала бакча бар

БИШКЕК, 14-дек. — Sputnik. Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында бала бакчанын курулушу пландалууда. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймагынын эли менен жолугушуп жатып билдирди.

© Фото / пресс-служба мэрии ОшаОш шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында бала бакчанын курулушу пландалууда
Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында бала бакчанын курулушу пландалууда - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында бала бакчанын курулушу пландалууда
© Фото / пресс-служба мэрии ОшаБул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймагынын эли менен жолугушуп жатып билдирди
Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймагынын эли менен жолугушуп жатып билдирди - Sputnik Кыргызстан
2/3
Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймагынын эли менен жолугушуп жатып билдирди
© Фото / пресс-служба мэрии ОшаШаар жетекчиси жаңыдан пайдаланууга берилген №45 орто мектептин эски имараты менен таанышып, өсүп келе жаткан жеткинчектердин билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бала бакчаларды куруу замандын талабы экендигине токтолду.
Шаар жетекчиси жаңыдан пайдаланууга берилген №45 орто мектептин эски имараты менен таанышып, өсүп келе жаткан жеткинчектердин билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бала бакчаларды куруу замандын талабы экендигине токтолду. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Шаар жетекчиси жаңыдан пайдаланууга берилген №45 орто мектептин эски имараты менен таанышып, өсүп келе жаткан жеткинчектердин билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бала бакчаларды куруу замандын талабы экендигине токтолду.
1/3
Ош шаарындагы Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында бала бакчанын курулушу пландалууда
2/3
Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Жапалак аймагынын эли менен жолугушуп жатып билдирди
3/3
Шаар жетекчиси жаңыдан пайдаланууга берилген №45 орто мектептин эски имараты менен таанышып, өсүп келе жаткан жеткинчектердин билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бала бакчаларды куруу замандын талабы экендигине токтолду.

Шаар жетекчиси жаңыдан пайдаланууга берилген №45 орто мектептин эски имараты менен таанышып, өсүп келе жаткан жеткинчектердин билим алуусуна ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн бала бакчаларды куруу замандын талабы экендигине токтолду.

Кадырбаевдин айтымында, учурда Ош шаарында 41 бала бакча бар. Анда 14 500гө жакын жаш бала тарбияланат. Мындан сырткары, 25 жеке менчик бала бакчада 1200дөн ашуун бөбөк билим алат.

"Бала бакчанын жетишсиздигин шаардыктар жакшы билет. Калааны өнүктүрүүнүн негизи багыттарынын бири — жаңы бала бакчаларды, мектептерди куруу болуп эсептелет. Жапалак айылдык аймактык башкармалыгынын Тээке айылында жакында эле 275 орундуу жаңы мектеп куруп, пайдаланууга берилди. Ушул мектептин эски имаратын толугу менен капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, жаңы бала бакча курууну пландап жатабыз", — деди Кадырбаев.

Шаар жетекчиси курулуш иштерине тиешелүү маселелер боюнча тийиштүү комиссияга тапшырмаларды берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0