Марат Козукеев жерге берилди. Премьерага 10 күн жетпей калган өмүр

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаслуженный актер Кыргызстана Марат Козукеев
Заслуженный актер Кыргызстана Марат Козукеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент Сооронбай Жээнбеков актёрдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, президенттик фондусунан 100 миң сом бөлдү

БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин сөөгү туулуп-өскөн Эркин-Сай айылында жерге берилди. Бул туурасында анын кесиптеши Жолдош Жанжигит уулу билдирди.

Актер 8-декабрда 47 жашында каза тапкан.

Митинг-реквиемде президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси, акын жана драматург Султан Раев Козукеевдин өлүмү театр өнөрүндө чоң жоготуу экенин белгиледи.

"Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков актёрдун үй-бүлөсүнө көңүл айтып, президенттик фондусунан 100 миң сом бөлдү. Марат Козукеев өзгөчө жигиттерден эле. Анын дүйнө салышы чоң жоготуу. Эми экинчи Марат жаралбайт", — деди Раев.

Ал актердун атасы Жумабек Козукеевди эске салып, кырктын кырында кеткен ата-баланы эскерди.

"Мараттын атасы Жумабек Козукеев байкени да билип калдым. Ал киши 46 жашында көз жумса, сен 47 жашыңда кеттиң. Жүрөгүң менен ойногон актер элең. Эми атаң Жумабек байке бейиштин эшигин ачып, тосуп алаттыр", — деди Раев.

КРдин эмгек сиңирген артисти, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын көркөм жетекчиси Марат Козукеевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Театр бош калды! Актер Марат Козукеев тууралуу 7 факты
Ал эми анын устаты, актер Эгемберди Бекболиев, драматург, КТРК жетекчисинин орун басары Кайрат Иманалиев жаңы спектакль даярдап жаткандыгын, аны коёбуз деп шаштырганын эскеришти.

Алардын айтымында, XVIII кылымдын инсандары катышкан чыгарманы сахналаштырып, режиссерлук кылган Козуеев жаңы жылга чейин коюп калалы деп шашып иштеген. Спектакль 10 күндөн кийин тапшырылып, тагыраагы, 20-декабрда премьерасы болмок дешти.

Ал эми анын жаштайынан бери бирге иштеп келе жаткан кесиптеши, Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрынын директору Назым Мендебаиров сүйлөп, жан курбусун жоктоп, анын акыркы сөзү көз жаш менен коштолду.

Жаңылыктар түрмөгү
0