Кыргыз улуттук академиялык драма театрында көркөм жетекчиси, КРдин Эмгек сиңирген артисти, Муратбек Рыскулов, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктардын лауреаты Марат Козукеев менен Sputnik маалымат агенттигинин журналисти Гүлдана Талантбекова маектешти.
— Марат мырза, учурда сиз койгон спектаклдер көрөрмандардын көз кырында болууда. Чыгармачылыгыңыздын ушул мезгилине кандай баа берет элеңиз?
— Бул суроого жооп берүү кыйын. Окууну бүткөн жылдан тарта актерлук менен алпурушуп келдим. Режиссерлукка кызыкканыма он жыл болуп калды. Актерлор убакыттын өтүшү менен ички ой-толгоосун спектакль аркылуу берүүнү көксөп, режиссерлукту тандайбы деп ойлоп калам.
Экинчи спептаклим "Коркут ата" болду. Ал дагы ийгилик алып келди деп ойлойм. Аны менен Түркияга, Казакстанга барып келдик, эми Азербайжанга чакыруу болуп жатат. Соңку эмгегим акын Бактыгүл Чотурова театрга сунуш кылган "Тумар ханыша" спектакли болду. Ал дагы минтип эл аралык конкурста баш байгени алып отурат. Бул өлкөдөгү бардык театрлардын жеңиши деп эсептейм. Жетекчи катары абдан сүйүндүм. Анткени бул биринчи кезекте көрүүчүнү чакырат. Бир кезде театр тунжурап калган. Акыркы жылдары көрүчүүлөрдүн, анын ичинде жаштардын көп келиши кубандырат. Мен дайыма айтам, көрүүчүсү жок театр — театр эмес.
Эгер сиздин суроого келе турган болсом, спектаклдер кыска убакытта ийгиликке жетишип жатканы, албетте, кубандырат. Бирок дагы бир коркунучка бөлөгөн нерсе мындан кийин эмне болот, ушул деңгээлди кармай аламбы деген суроо. Азыр спектакль боюнча көп сунуштар түшүп жатат. Эми мындан ылдый деңгээлге түшкөнгө акыбыз жок болсо керек.
— Режиссердун ишинин оорчулугу эмнеде?
— Биринчиден, режиссер уюштуруучу болушу керек. Спетаклге катышкан 30 актер болсо, ошонун бардыгын тутандырыш керек. Жашоодо ар кандай шарттар болот. Сен бирөөнү тутантмак түгүл, өзүң өчүп бараткан болосуң. Актерлордо кызыгуу болмоюнча жакшы спектакль жаралбайт. Режиссер "тигиндей бас, мындай бас" деп кыйкыра берсе эле жыйынтык чыга калбайт. Экинчиден, режиссер тандаган пьесаны изилдеп, автордун айта турчу оюн таба билиши керек. Айрым режиссерлор автордун оюн унутуп калат.
— Актерлук ишмердүүлүгүңүз эмне болуп жатат?
— Актерлук кесипти таштабасам керек. Театрда буга чейинки ролдорумду ойноп калам. Кээде спектаклдин премьерасына чукул артисттердин толкунданганын көргөндө, мен дагы ойногум келип жүрөгүм элеп-желеп боло түшөт. Убакыттын аздыгына байланыштуу киного азыраак түшүп калып жатам. Сценарийи жакшы кино болсо баш тартпайм.
— Азыр чыгармачылыктагы амплуаңыз кандай?
— Сиз чыгармачыл аламдардын үй-бүлөсүнөнсүз. Ошол үчүн эле актерлукту тандагансызбы?
— Балалыгым театрда эле өттү. Таасирленгенден уламбы, актер болууга абдан кызыктым. Өспүрүм куракта ал оюмдан кайтып, дене тарбия институтуна тапшырам, айыл-чарба тармагында окуйм деп жүрдүм. Мектепти аяктап кесип тандоого келгенде беш секунддун ичинде ал оюмдан кайтып, актерлукту тандадым. Театрда иштеп жүргөндө деле башка жакка кетем деп айныган учурлар болду. Азыр деле кесипти туура тандадымбы деген ойлор боло берет.
— Жогоруда өзүңүз деле жашоодо күмөн санаган адаммын деп айтып калдыңыз. Ушул күмөн ойлордон жабыр тарткан учурлар болобу?
— Жашоодо да, жумушта да чечим кабыл аларда күмөн ойлорум терс таасирин тийгизет. Кээде бүдөмүк ойлордо жүрө берип убакыттан утулуп калам. Киного сунуш түшкөндө мен өзүмдөн күмөн санап отурганда башкалар аларга ишеним артпагандай көрүшөт экен. Бул менин балким жаман сапатымдыр.
— Чыгармачылыктан тышкары эмне менен алектенесиз, хоббиңиз барбы?
— Тамашоучу, актер Эмил Эсеналиев сиздин күйөө балаңыз экендиги маалым. Жакында эле гезиттердин бирине берген интервьюсунда "аял укпаса уруш керек" деп айтыптыр. Ата катары жана эркек катары бул сөздөрдү кандай кабыл аласыз?
— Мен чынын айтсам, күйөө баламдын берген интервьюсун окуй элекмин. Жеке оюмда аял кишини урганга болбойт. Кол көтөрүү оңой эле, ал эрдик эмес. Эки адам бири-бирин жакшы көрсө, сый мамиледе, түшүнүү менен жашашы керек деп ойлойм.
— Ошол эле интервьюда келинчегим менен баш кошоордо сени окутпайм, иштетпейм деп макулдашканбыз деп айтылат…
— Булар азыр жаш. Убакыттын өтүшү менен адамдын ою өзгөрөт. Кызым менен сүйлөшкөндө "бул сенин жашооң, бир мамлекет болгондон кийин өзүңөр чечишкиле" деп айткам. Бирок кызым менин кеңештеримди дагы укса жаман адам болбойт. Турмуштук абалына байланыштуу окуу жайдан академиялык өргүүгө чыккан. Актриса болбосо да, башка багыттан окуусун улантат деп ойлойм.
— Алгач кызыңыз турмушка чыгарын укканда кандай кабыл алдыңыз эле?