Кыргызстандын жападан жалгыз мамлекеттик "Эйр Кыргызстан" авиакомпаниясынын абалы ушундай. Каттамдарын токтотконуна бир айдан ашты. Алгач жетекчилик учактын моторуна "Ош" жана "Манас" аэропортторунда чымчык кирип, эми ошонун кедергиси тийип жатканын айтса, кийин жөн гана мотордун иштөө мөөнөтү аягына жеткени билинди. Азыр учак "Манас" аба майданында турат, адистер ремонтко канча убакыт кетерин айта элек.
"Эйр Кыргызстан" каттамдарын качан баштайт?
Оңдоо мөөнөтүн мекеменин башкы директору Жолдошбек Бектурганов дагы так айта албайт.
"Адистер моторду ачып көрүп, жумушунун көлөмүн аныктагандан кийин гана так маалымат беришет. Андан соң моторду Евпропага оңдоого жиберебиз. Бирок биз анын ордуна жаңы учак алсакпы деп ойлоп жатабыз. Бул боюнча дагы сүйлөшүүлөр болот", — деди Бектурганов.
Компаниянын башка учактары кайда же аты бар, заты жок Boeing 737-300
"Эйр Кыргызстанга" ээлик кылган Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун маалыматы боюнча компаниянын балансында төрт учак (Ту-154, Boeing 737-200, Boeing 737-300, Boeing 737-500) болсо, ишкананын өзүнүн сайтында үч аба кемеси (Boeing 737-400, Boeing 737-300, Boeing 737-500) көрсөтүлгөн.
"Ал учак Румыния мамлекетинде август айына чейин учат, андан соң өзүбүз алабыз. Ал эми ошол эле лизинг жолу менен алынган Boeing 737-400дү кайтарып ала албай калдык. 2014-жылы Кыргызстан рыногуна чет элдик жана жеке компаниялар киргенде биз атаандаштыкты көтөрө албай, учакты кожоюнуна өткөрүп бергенбиз", — деди Бектурганов.
Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда сатып алынган сегиз орундуу Beechcraft King Air 350 учагы аталган компанияга 2013-жылы өкмөттүн токтому менен өткөрүп берилген.
Мамлекеттик мүлк фондусунан билдиришкендей, ал 2015-жылдын декабрь айында компания тарабынан аукционго коюлуп, Бириккен Араб эмирлигинин Aerovista FZE компаниясына 3 миллион 130 миң долларга сатылган.
Өлкөнүн биринчи адамдарын ташыган Ту-154 борту дагы ушул компанияга тиешелүү болчу. Бирок 2016-жылы "Манас" аэропортунун туунду компаниясы "Эйр Кей Джи" түзүлүп, литердик каттамдар учак менен чогуу ага өткөрүп берилген.
Токтоп турган компаниянын кызматкерлери кандай күн көрүүдө?
Белгилүү себептерден улам компаниянын атын атагысы келбеген кызматкери учурда кесиптештери жумушсуз калып, колунан келгендери чет өлкөлөргө кетип калышканын айтат.
"Жетекчилик октябрь айынын аягында учакты ремонтко киргизүү керектигин билчү. Бирок ишти токтотпой, ижарага учак алып иштетүүнү каалаган жок. Азыр кесиптештерим жумушсуз калышты. Айрымдары чет өлкөлөргө, басымдуу бөлүгү Африканын ар кайсы мамлекеттерине кетип калышты", — деди ал.
Техникалык кызматкерлер менен учкучтар чындап эле чет жерлерге иштегени кеткенин компаниянын жетекчилиги деле моюндайт.
"Бирок ишкана токтоп калды деп айтууга болбойт. Бухгалтерия, коммерциялык бөлүм жарым-жартылай иштеп жатат. Айрым кызматкерлер акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө чыгарылып, техникалык кызматкерлерди, учкучтарды чет өлкөлөргө убактылуу иштеп тургула деп жөнөттүк", — деди башкы директор.
Көздөн учкан инвестор
"Эйр Кыргызстан" өзүн актабаган компания катары жарым-жартылай сатыкка коюлган ишканалардын катарында. Быйыл анын 49 пайыздык үлүшү 188 миллион сомго бааланып, сатыкка коюларын Мамлекеттик мүлк фондусунан билдиришкен.
Кыйын күндөрдү башынан кечирип жаткан ишкананын жүгүн мойнуна алгысы келген инвестор чыга элек. Директор Бектурганов компания такыр эле сызга отуруп калгыча аны акчалуу колго өткөрүп берүү керектигин жашырбайт.
"Мен жетекчи болуп келгенде эле абал оор болчу. Банкрот болгону калыптыр деп Алмаз Шаршеновичке (Президент Алмазбек Атамбаев — ред.) айтсам, ал таң калган. Жети жылдан бери банкрот кылбай, бюджеттен акча албай кармап келүү оңой болгон жок. Мисалы, "Кыргызгазды" ири инвестор алып, азыр ар бир үйгө газ киргизип жатпайбы. Мамлекеттин колдоосу болбогондон кийин "Эйр Кыргызстанды" дагы ишеничтүү колго бериш керек", — деди ал.
Компания деги киреше берди беле?
Азыркы "Эйр Кыргызстан" компаниясы 2006-жылга чейин "Алтын Эйр" деп аталган. Ошол убакта аны мурдагы учкуч, авиация тармагын мыкты билген адис Медер Жүндүбаев башкарганын аталган компанияда 2005-2006-жылдары Үрүмчү шаарындагы башкы өкүлү болуп эмгектенген Бегалы Наргозуев айтат.
Анын маалыматында, дал ошол мезгилде компания жаңы каттамдарды ачып, америкалык үлгүдөгү учак сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.
"Кыргызалтын" ишканасынан насыя алып, Ту-134тү сатып алганбыз. Ошонун аркасы менен Ош — Москва, Ош — Үрүмчү, Бишкек — Шарджа каттамдары ачылган. Бирок 2011-жылы ал учак "Ош" аэропортунда туура коно албай, кыйроого учурады. Мындан тышкары, ишкана 1,5-2 миллион доллар алгачкы төлөмүн берип, лизингге жаңы учак алууга кудурети жетип калган", — деди Наргозуев.
Анын айтымында, өнүгүү жолунда бара жаткан ишкананы авиациядан алыс, менеджерлик сапаттары аз адамдар жетектей баштагандан тарта ал артка кеткен.
"Эйр Кыргызстанда" кыйынчылыктар 2007-жылдан башталды. Анда ишкананы Эгемберди Мырзабеков башкара баштаган. Азыркы жетекчиси Жолдошбек Бектурганов келген 2010-жылдан кийин дагы алдыга жылуу байкалган жок", — деди Наргозуев.
Баса, бул компаниялардын бири Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгууга аракет кылып жүргөнү белгилүү.
Коңшулардын авиакомпаниялары тууралуу сөз кылсак, Өзбекстандын Uzbekistan airways ишканасы Париж, Токио, Куала-Лумпур, Нью-Йорк шаарларына каттаса, Казакстандын Air Astana компаниясы Сэул, Дели, Абу-Дабиге жүргүнчү ташыйт.
Буларды карап отуруп, өзүбүздүн жалгыз компания үчүн ичиң ачышпай койбойт. Кыргызстандын авиа тармагындагы жүгүн көтөрчү ишкананын сызга отуруп калышына ким күнөөлүү, эми ким сурап алат…