US News сайтындагы маалыматка карганда, окуя Флориданын түштүк чыгышындагы Пемброук-Пайнз аймагында болгон.
Уурулукка келген адам сырттагы видео байкоого түшүп калган. Кадрда көрүнүп тургандай, ал машинага жайбаракат басып келип, алгач, ичиндеги ок өткөрбөгөн соотту алган.
"Ага бул дагы аздык кылды окшойт, кайра келип багаждагы курал менен электрошокерди көтөрө кетиптир", — деп полициянын департаменти берген маалыматта айтылат.
Басылманын жазганына караганда, ошол эле күнү, ошол эле райондо дагы бир нече уурулук фактысы катталган.