Экс-президент форумдун алкагында сүйлөп жатып "жылдын аягында өзүм менен бирге көрө албаган көптөгөн саясатчыларды алып кетем" деп билдирген. Ал эми 20-ноябрда өткөн жыйынтыктоочу маалымат жыйынында жогорудагы кебин "ниети караларды саясаттан четтетем" деген мааниде айтканын белгилеген.
Мындан улам Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги Алмазбек Атамбаевдин учурунда иш козголуп саясаттан такыр эле четтеп калган жогорку кызматтагы адамдарды эстеп көрдү.
Мелис Мырзакматов. Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов шаарды аралап өтчү асма көпүрөнү салууда коррупциялык иштерге барган деп айыпталып кылмыш иши козголгон. Натыйжада 2014-жылдын ноябрь айында экс-мэр "Кызмат абалынан пайдалануу" беренеси боюнча айыптуу деп табылган. Анын негизинде Ош шаардык соту баш коргоо чарасын камакка алынсын деп чыгарып, издөө жарыялаган. Бирок Мырзакматов өлкө аймагынан чыгып кетүүгө үлгүргөн. 2015-жылдын август айында Ош облустук соту шаардык соттун өкүмүн күчүндө калтыруу чечимин чыгарган. Сот мурдагы мэрди сыртынан жети жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялаган. Кийин, парламенттик шайлоого карата "Ата Мекен" партиясы өзүнүн тизмесине Мырзакматовду киргизүү аракетин жасаган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы ал адамды эркинен ажыратуу боюнча соттун чечими чыккандыктан талапкер катары каттабай турганын жар салган.
Айрым маалымат булактарына ылайык учурда Мырзакматов Кытайдын Үрүмчү аймагында жүрөт.
Акматбек Келдибеков. Акматбек Келдибеков 2002-2005-жылдары Социалдык фонддун төрагасы болуп турганда жана 2008-2009-жылдары Салык кызматын башкарган убагында коррупцияга барган жана ЖКнын спикери кезинде кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шектелип, 2013-жылы камакка алынган. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Келдибековду коррупция беренеси боюнча актап, ал эми Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу боюнча үч миллион сом айып пул салган. Кийин Бишкек шаардык соту айыпты 10 миллионго көтөрүү менен маселеге чекит койгон. Башкача айтканда Келдибеков мамлекетке 10 миллион сом төлөп боштондукка чыгып кеткен. 2017-жылы ал президенттик жарышка катышууга аракет жасаган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова "Ата Журт" партиясынын теңтөрагасы Акматбек Келдибеков 31-августка чейин соттуулугун алдырта албаганы үчүн талапкер катары катталбай турганын жар салган.
Нариман Түлеев. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Нариман Түлеев 2012-жылы буга чейин мэрлик кызматты аркалап турган учурунда коррупцияга барган деп шектелип кармалган.
Ага карата 2008-жылы Кытайдан жүргүнчү ташыган автобустарды сатып алууда жана 200 миллион сомдук муниципалдык облигацияларды чыгарууда мыйзамсыз аракеттерге барганы үчүн кылмыш иши козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту анын мүлкүн конфискациялоо менен 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрь айында Бишкек шаардык соту мурунку инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Бир жылдан кийин Жогорку соттун коллегиясы да эки соттун өкүмүн туура деп тапкан. Анткен менен экс-мэр мунапыска дал келип, мамлекеттик казынага 60 миллион сом төлөө менен 2016-жылдын 7-майында эркиндикке чыккан. Ошондон бери анын саясатка кайтып келүү аракеттери байкала элек.
Нарымбаев менен Коркмазов. 2015-жылдын июль айынын ортосунда УКМКнын коорупцияга каршы күрөшүү кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовдун 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармаган. Ал экс-мэр Нариман Түлеевдин туугандарына анын Жогорку сотто карала турган ишин оң жакка чечүүгө жардам берем деп айткан. Башкы прокуратура Коркмазовдун 200 миң доллар талап кылганын маалымдаган.
Ал эми 1-Май райондук соту 2016-жылдын декабрь айында Нарымбаевди мөөнөтүнөн мурда камактан бошоткон. Буга анын абактагы үлгүлүү жүрүш-турушу себеп болгонун анын жактоочусу Гүлнара Дүйшөнбекова билдирген. Тергөө абагындагы бир күн эки күнгө тете деп эсептелгендиктен Нарымбаевдин өтөгөн жаза мөөнөтү 2 жыл 3 ай деп эсептелинген. Мыйзам боюнча толук жаза өтөшү үчүн дагы тогуз ай отурушу керек болчу. Мындай чуулгандуу окуядан кийин эки саясатчынын карааны саясий айдыңдан жоголду.
Садыр Жапаров. Үстүбүздөгү жылдын март айында экс-депутат Садыр Жапаров кыргыз-казак чек арасынан өтүп жатканда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, камакка алынган. Ал ушул эле жылдын август айында 2013-жылы октябрда болгон митинг учурунда Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурууга тиешеси бар деп 11 жыл 6 айга кесилген. Муну эске алган БШК экс-депутатты быйылкы президенттик шайлоодон четтеткен. Ошондой эле ал Бишкектеги №1 тергөө абагынан Молдовановкадагы катуу тартиптеги абакка которулуп, 2028-жылга чейин абактан эч чыкпай турганын Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы маалымдаган.
Текебаев менен Чотонов. Оппозициячыл экс-депутат Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөн Чотонов дагы быйыл сегиз жылга эркинен ажыратылды. Текебаев россиялык ишкерлерден "Альфа Телеком" компаниясын алардын пайдасына чечип берүү үчүн 1 миллион доллар пара алган деп айыпталган.
Ал эми 1-ноябрда Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Текебаевди депутаттык мандатынан ажыраткан.
Бийликти басып алууга аракеттенгендер. Бийликти басып алууга аракеттенген деп айыпталып кесилген саясатчылардын арызы шаардык сотко жетип, үстүбүздөгү жылдын август айында райондук соттун чечими күчүндө калтырылды.
Ага ылайык мурдагы айыл чарба министри Бекболот Талгарбеков 14 жылга, мурдагы депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асановду 12 жылга кесилип, күчөтүлгөн тартиптеги абакта жаза өтөмөй болушкан. Ал эми экс-мамкатчы Дастан Сарыгулов төрт жылга шарттуу түрдө кесилген.
Райкан Төлөгөнов. Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Бишкектин Биринчи Май райондук соту "Ата Мекен" фракциясынын мурдагы депутаты Райкан Төлөгөновду 15 жылга эркинен ажыратты. Ал 2010-жылдын 7-апрелинде мародерчулук кылган деп айыпталган.
Sputnik Кыргызстан агенттиги кылмыш иши козголуп, бирок соттун өкүмү чыга элек саясатчыларды дагы тизмектеди.
Карганбек Самаков. Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков Чүй облусундагы Аламүдүн районунун бир катар айылдарындагы жерлерди мыйзамсыз сатып алган деп айыпталып, 2015-жылы 15-майда кечинде камакка алынган. Кийин Октябрь райондук соту депутатты үй камагына чыгаруу чечимин кабылган. Учурда жогоруда аталган фактылар боюнча териштирүү иштери уланып жатат.
Канат Исаев. Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Канат Исаев учурда убактылуу кармоочу жайда жатат. Ал 30-сентябрь күнү кечке маал кармалган. Аны Башкы прокуратура массалык башаламандык уюштурууга жана бийликти күч менен басып алууга даярдык көргөн деп айыптап, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ага карата козголгон кылмыш иши тергелип бүткүчө камакта боло турганын УКМК жарыялаган. Бүгүн, 25-ноябрда 1-Май райондук соту Исаевдин ишин кайрадан карап, аны дагы эки айга камакта калтыруу чечимин чыгарды.
Өмүрбек Бабанов. Президенттикке талапкерлигин коюп, жеңишке жетпей калган Өмүрбек Бабановго карата дагы кылмыш иши козголду. Ал конституциялык түзүмдү күч менен басып алууга чакырык жасоо жана улуттар аралык, расалык же диний кастыкты козутуу беренелери боюнча айыпталып жатат. Учурда саясатчы Кыргызстандын аймагынан сырткары жакта жүргөнү айтылууда. Көпкө "үн катпай" калган саясатчы кечээ, 24-ноябрда жаңы президент Сооронбай Жээнбековду такка отурушу менен алыстан туруп куттуктады.