Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуудан четтетилди

© Фото / пресс-служба ГСИН КРАрестованный политик Садыр Жапаров
Арестованный политик Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жапаров 2013-жылы сот жоопкерчилигине тартылып, ал иши кыскартылбаганына карабай президенттикке талапкер катары катталуу үчүн БШКга арыз берген

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Мурдагы депутат Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышпай турган болду. Тийиштүү токтомду Боршайком бүгүн кабыл алды.

Жапаров 20-июлда президенттикке талапкер катары катталуу үчүн Боршайкомго арыз берген. Кийин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан кишини барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жапаровдун 2013-жылы соттолгонун эске алып, ал кылмыш иши кыскарбагандыктан шайлоодон четтетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0