БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Суу кодексине киргизилген өзгөртүү эки гана мөңгүгө — "Лысый" менен "Давыдовго" тиешелүү. Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Атамбаевдин өлкө башчысы катары акыркы маалымат жыйыны өтүп жатат.
Анын айтымында, мөңгү боюнча документ ага келген.
"Мен БУУнун башкы ассамблеясында сүйлөп жатып мөңгүлөр "Кумтөрдүн" айынан жок болуп жатат дегеним жок. Мен аба ырайынын глобалдык өзгөрүүсүнөн эрип жатат дегем. Кыргызстанда 6771 мөңгү бар. "Лысый" менен "Давыдов" мөңгүлөрү 23 жыл мурда эле иштетиле баштаган. Суу кодексине киргизилген өзгөртүү эки гана мөңгүгө — "Лысый" менен "Давыдовго" тиешелүү. Мен документти толук карап, изилдеп чыккандан кийин гана кол коём", — деди Атамбаев.
Ал, мындан тышкары, азыр уу калдыктары сакталган көлдүн тагдыры көп кабатыр кыларын айтып өттү.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча демилгени колдоп берген.
Эгер өзгөртүүлөр күчүнө кирсе, өтө зарыл болгон учурда мөңгүлөрдө казуу иштерин жүргүзүүгө уруксат берилет. Мындай кадам "Кумтөрдүн" токтоосуз иштеши үчүн киргизилип жатат.