БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Бишкекте кыргыз күрөш боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, "Хан Кошой" аталышындагы эл аралык таймаш 8-ноябрга белгиленген. Анда кыргызстандык жана чет элдик балбандар алты салмактык категория боюнча ат салышат.
Андан сырткары, 50 жаштан жогорку курактагылар оор салмакта күч сынашат.
Аталган спорттук иш-чаранын жалпы байге фондусу 150 миң сомду түзөт.