00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ЕАЭБде өнөр жайды колдоо: Кыргызстандын компаниясы каржылык субсидия алды
11:34
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Штрафы, онлайн и новые продукты: как изменился страховой рынок КР за год
12:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстандын аскердик билим берүү системасы: бүгүнкү абал жана өнүгүү багыттары
13:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Окумуштуу, дарыгер, академик: Санжарбек Данияровдун ишмердиги
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жеке мектептерге лицензия эми толугу менен онлайн берилет — убакыт жана чыгым үнөмдөлөбү?
21:04
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Султан Жумагулов тууралуу кызыктуу 7 факты

© Фото / Пресс-служба КТРК / ktrk.kgГендиректор Общественной телерадиокорпорации Султан Жумагулов
Гендиректор Общественной телерадиокорпорации Султан Жумагулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министрлигин бир жылдан ашык убакыт башкарган Түгөлбай Казаков 28-октябрь күнү кызматынан бошотулган. Анын ордуна премьер-министр медиа-эксперт Султан Жумагуловдун талапкерлигин сунуштаган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги жаңыдан министр болуп шайланган Султан Жумагулов тууралуу 7 фактыны сунуштайт.

Избрание нового спикера Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан
ЖК тарыхындагы эң жаш төрага Дастан Жумабеков тууралуу 7 факты
1. Жанды көзгө көрсөткөн өпкө оорусу. Султан Жумагулов 1959-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районунда туулган. Жогорку билимдүү, 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган. Кичине кезинде өпкө оорусуна чалдыгып, жылда ооруканага жатып дарыланчу. Муну өзү да "кышта башталган жөтөлүм күчөп отуруп, ала жазда өзүм да, апам да уктабай калабыз. Күрсүлдөгөн үнүм уктап атсам да кулагыма угулат. Анан, албетте, ооруканага жаткырышат да, аерден – оо тозок! Төрт маал ийне сайышат, эстесем азыр да жамбашым зыркырайт" деп эскерип калат. Акыры дарыгерлер төрт жылда айыктыра албаган дартты төрт класс билими бар апасы аюунун, кашкулактын ич майын эритип, ага жыландын каткан этин майдалап кошуп, сүткө сапырып берип отуруп эки кышта айыктырып алган экен.

2. Чоңдордун калемине "ашыккан" журналист. Журналисттик эмгек жолунда далай чоңдордон интервью алып, маектин акырында байкатпай калем сабын көтөрө кетмей адаты болгон. Калемсиз калган белгилүүлөрдүн арасында Дооронбек Садырбаев, Абсамат Масалиев дагы бар. Көнгөн адат калабы дегендей, компьютер менен иштеп калган заман келсе деле жакшы калем көрсө азыр деле көтөрө кетет. Бирок "аларды ырымдап жакшы көргөн кишилерге берип салам" деп айтып калат. 

© из личного архива Султана ЖумагуловаСултан Жумагулов журналисттик эмгек жолунда далай чоңдордон интервью алып, маектин акырында байкатпай калем сабын көтөрө кетмей адаты болгон
Бывший директор ОТРК Султан Жумагулов  - Sputnik Кыргызстан
Султан Жумагулов журналисттик эмгек жолунда далай чоңдордон интервью алып, маектин акырында байкатпай калем сабын көтөрө кетмей адаты болгон

3. Ээрден шыпырып түшкөн ызы-чуу. Медиа-эксперт Султан Жумагулов 2014-жылдын ноябрь айында КТРКнын башкы директору болуп шайланган. Бирок эки айга чукул убакыт аралыгында эле кызматынан кол жууган. Тагыраагы, жергиликтүү гезиттердин бири Султан Жумагулов Монголияга командировкага барып, мас абалында стюардессаларга тийишип, учак ичинде ызы-чуу чыгарганын жазып чыккан. Бул макала жарыялангандан кийин эле Жумагулов кызматтан кетүүгө арызын берген. Өзү бул боюнча депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып "мен өзүмдүн моралдык жоопкерчилигимди тартып, өз ыктыярым менен отставкага кеткем. Бул мен үчүн репутациялык дагы, адамдык дагы жаза болду. Ал эми стюардессаларга акарат кесиптештеримдин фантазиясы" деп жооп берди.

4. Спортко болгон сүйүү. 58 жаштагы журналист жана сатирик жазуучу Султан Акторпокту (Жумагулов) футбол талаасынан дагы кезиктирүүгө болот. Учурда аны менен кошо топ тепкендер "министр болгондон кийин бизди унутпайбы" деп кабатыр болушууда. 

© Sputnik / Расул УсеналиевУшул күнгө чейин президенттин аппарат жетекчисинин кеңешчиси болуп эмгектенген
Бывший директор ОТРК Султан Жумагулов - Sputnik Кыргызстан
Ушул күнгө чейин президенттин аппарат жетекчисинин кеңешчиси болуп эмгектенген

5. Speech writer. Султан Жумагулов 2015-жылдын ноябрь айынан ушул күнгө чейин президенттин аппарат жетекчисинин кеңешчиси болуп эмгектенген. Ал мамлекет башчынын сөзүнүн текстин жазып, текшерүү иштерине дагы катышкан. "Президенттин сөзүн бир эле адам жазып койбойт. Бул өтө узак процесс. Алгач айта турган сөзүн ажо өзү жазат. Анан маселенин багытына жараша тийиштүү адистер оңдоп-түзөө үчүн карап чыгат. Алардын арасында мен дагы бармын" деп өзү ырастаган жайы бар.

Кыргызский поэт и драматург Жалил Садыков - Sputnik Кыргызстан
Гимн менен "Манастын" автору Жалил Садыков тууралуу 5 факты
6. Той-ашка болгон көз караш. Маалымат каражаттары аркылуу той-аштарда сарпталган ашыкча чыгымды байма-бай сындагандардын катарында Султан Жумагулов дагы бар. Ал бул темада "Кыргыз жана кийит", "Бир курсакка канча кой батат?", "Сөөк коюу: тирүүлөрдүн шору" сыяктуу бир катар макалаларын жарыялаган.

7. Министрликке карай жолдо алгачкы сын. 31-октябрь күнү Жогорку Кеңештин комитетинде Султан Жумагуловдун маданият, маалымат жана туризм министрлигине талапкерлиги каралган. Анда депутаттар Жумагуловдун Тарых музейиндеги мумиянын көмүлүшүнө кандай пикирде экенине кызыгышкан. Айрым маалымат каражаттары Султан Жумагулов депутаттарга жооп берип жатып "мумия" деген сөздүн ордуна "мумиё" деп алып сынга кабылганын жазышты.

"Биз министрликтин маанилүү ролу тууралуу кеп кылып жатабыз. Андыктан, "мумия" менен "мумиё" сөзүн алмаштырбасаңыз", — деп депутат Аалы Карашев айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0