БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Сузактын Көк-Жаңгак шаарчасындагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берилди. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматынан кабарлашты.
Аталган кайрымдуулук иш чарасы шаар тургуну Эркин Сарбашев тарабынан уюштурулган.
"Шаардагы 240 үй-бүлөнүн ар бирине 1150 сомдук азык-түлүк таратылып, айрым турмуш-шарты оор үй-бүлөлөргө акчалай да жардам көрсөтүлдү", — деп айтылат билдирүүдө.
Мындан сырткары, этностор аралык ынтымак, достукту даңазалоо, жаштарды туура жолго тарбиялоо максатында айылдыктар үчүн сый тамак уюштурулган.
Иш-чарага казыяттын жооптуу катчысы Абдиназар Хаджибеков жана Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов баштаган муфтияттын өкүлдөрү да катышкан.