Саат 20:00гө берилген маалыматтарга караганда президенттик ат салышта талапкерлердин ичинен Сооронбай Жээнбеков озуп чыкты. Ал шайлоочулардын 52,77 пайыз добушун алды.
Жээнбеков буга чейин премьер-министрлик кызматка отургандан кийин элге белгилүү боло баштаган. Буга чейин анын жылмаюсун сейрек көргөндөр, президенттик шайлоо учурунда анын жылмаюларына карк болду.
Sputnik Кыргызстан Сооронбай Жээнбековдун сүрөттөрүн окурмандарга тартуулайт.
Электрондук урналардан жаңыланып турган маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын интерактивдүү инфографикасынан көрүңүз>>

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун шахмат боюнча экс-чемпион Анатолий Карпов менен жолугуп жаткан учуру

Эстафета... Президент Алмазбек Атамбаев кийинки президент Сооронбай Жээнбеков менен. Үчүнчүсү — ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков

Жээнбеков премьер-министр кезинде Бишкекке КМШ саммитине учуп келген РФ лидери Владимир Путин менен

Жээнбеков Бишкекке КМШ саммитине келген Казакстан президенти Нурсултан Назарбаевди тосуп алган учуру

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Бишкектеги майып балдардын борборунда

Алыска, алыска тигилип... Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын майрамдоо учуру

Ааламды айланып учууга камынган Союзбек Салиевге мамлекеттик желекти тапшырып жатат

Ош шаары. 2010-жылы апрель окуясында жакындарынан ажырагандар менен жолугушуу учурунда

Жээнбеков жана Белоруссиянын премьери Андрей Кобяков, Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян

Ош облусуна жасаган сапары учурунан бир көрүнүш

Манасчы Замирбек Баялиевге өкмөттүк сыйлык тапшырып жаткан учуру

Жээнбеков жана Бишкек шаарынын башчысы Албек Ибраимов Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 25 жылдыгын майрамдоо учурунда

Дүйнөлүк көчмөндөрдүн II оюнун татыктуу өткөрүүгө салым кошкондорду сыйлоо аземи

2016-жылы апрелде премьерликке Жээнбековдун талапкерлиги сунушталганда ЖК депутаттарынын суроолоруна жооп берип жатып, "премьер болуу менин түшүмө да кирген эмес" дегени бар эле. Эми минтип президент болуу шыбагасына ээ болгону турат
