БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы Бишкек шаарында өткөрүлгөн салтанаттуу иш-чараларда тейлөө кызматын көрсөткөн 67 ишкер салык мыйзамын бузгандыгын аныктады.
Үч күндүк рейд учурунда 17 ири коомдук тамактануу объектилери, сүрөткө, видеого тартуу, залды жасалгалоо, LED-экранды ижарага берүү боюнча жана оюн-зоок кызматтарын көрсөткөн (тамадалар, ырчылар, бий жана музыкалык топтор ж.б. шоу) 124 субъект текшерүүгө алынган.
"Мында 57 субъект гана жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүгө ыктыярдуу патенттерин көрсөтүшкөн. Ал эми 67 субъектиде уруксат берүүчү документтери, анын ичинде мамлекеттик каттоо жөнүндө күбөлүгү, ыктыярдуу патенти жана башка документи жок болуп чыкты", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле "Акак", "Кыз Кыял", "Ак Марал", "Назик" бий топторунун да документтери жок болуп чыккан.
Рейд учурунда "Тай Казан", "Сенатор", "Салтанат Пэлэс", "Империал", "Кайнар", "Ала-Тоо", "Салкын Төр", "Тагай Бий", "Дасмия", "Консул", "Фрунзе" кафе-ресторандары текшерүүгө алынган.
"Текшерүүнүн жүрүшүндө тамадалык кызмат көрсөткөн 33 субъектинин 15инде гана ыктыярдуу патент болгон.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тиешелүү рейддик иш-чаралардын актысы түзүлдү.