Чынын айтсам, алды кийин кат жазып көргөн эмесмин. Ал эми бул ирет катымды апама жазып отурам. Менин кымбат адамым болгон апам менен кошо балалыгымды, өспүрүм курагымды, чоң дүйнөгө кадам таштаган мезгилим тууралуу сөз кылмакчымын.
10 жашымдан тарта Нарындын Ак-Талаасындагы азыр Нурак Абдрахманов агайдын ысымы берилген музыкалык мектепке бардым. Биринчи класстын босогосун ошол кезде Ломоносов атындагы мектептен аттадым. Мен туула элек кезде айылым Дөрбөлжүн аталса, азыр атактуу обончу Муса Баетовдун ысымы ыйгарылган.
Телеграфта калган издер
Анан орто билим алып, тагыраагы 8-классты жана музыкалык мектепти аяктап, Фрунзе шаарына келдим. Жаңы келген күндөрү апамды сагынганымды азыркыга чейин бир башкача сезим менен эстейм. Эмнегедир кат жазбастан, телефон менен сүйлөшкөн жай — телеграфка барып, телефон менен сүйлөшчүмүн.
Каттын ордуна телефон чалчумун дегеним, өзүнчө бир кичинекей доор. Студент кезде апамды сагынам, анан күн кур дебей, ошол телеграфка каттайм. Ал Исанов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде жайгашкан имарат эле. Азыр Betа Stores үйүнүн каршысы болуп калат.
Телеграфтан буюртма берип күтүп отуруп, уктап калып кезегимди өткөрүп ийген канча учурлар болду. Таң атпай турасың, окууда тартип бекем, талап катуу. Уйкунун ордуна окуш керек. Сагынычтан улам, сабактан чыгып эле апам менен сүйлөшөм деп жөнөйм да. Уктаганымдын тарыхы ушундай болучу…
Жолду катар ыйлаган мен, соороткон байбичелер
Айылды, апамды сагынганымды жазсам, өзүнчө бир том болчудай. Жалгыз кыз болуп жанынан алыс эч жакка чыкпагандыктан, шаарга келгенде бир топ кыйналгам. Апамды ушундай көргүм келет, жытын сагынам.
Келе жаткан автобустун ичинде баары эле мени, апамды тааныган улуулар да. Алар "ыйлаба, алдыңа кетейин" деп коюшат, ишигылып алаксытып жатып, акыры жеттик. Шаардан Бурул таяжем тосуп алды. Ыйлай берип өпкөм көпкөн, көзүм шишиген. Азыр баамдасам, бир кемпирдин үйүндө квартирада турчу экен… азыр айылга кат десеңер, ушуларды эстедим. Апам жалгыз бой болуп, жумушунан колу бошобогондуктан, мени менен шаарга келе алган эмес. Келип эле, айылга чалдык. Байкуш апам, жеткенде кабарын айтат деп телеграфта күтүп отуруптур…
Күлкүгө жана кубанычка толгон жатакана
Бизге Семен Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын жатаканасынан орун беришти. Бөлмөдөгү, анан окуудагы эң кичүүсү мен. Азыркы белдүү ырчылар Айтбүбү Атамкулова, Анапия Раимбековалар болуп бирге жашачу элек. Жатып алып эле апамды эстеп, сагынып ыйлайм. Алар кийин ошол көз жаш төккөн учурларымды эстеп көпкө күлүп жүрүштү.
Ээрчишкен бактылуу күндөр жана өмүрүмдөгү жалгыз демөөрчүм
Мен көнбөй кыйналып жүрдүм. Анан апам ай сайын көтөрүнүп шаарга каттай баштады. Этти майга чала кууруп туруп, азыркы тил менен айтканда "жарым фабрикат кылып" даярдап келет. Боорсок жасап келет. Апам келээрде бүттү, жыргал! Майрам башталат! Экөөбүз ээрчишип алып көчө кыдырабыз, ЦУМга барабыз, театрга киребиз. Ошентип жатып, шаарга эптеп көндүргөн мени.
Азыр эстесем, студент кезде деле көчөгө жигит менен бейчеки ары-бери басып, балмуздак жеп, киного кирбептирмин.
Апам 2010-жылы өтүп кетти. Менин өмүрүмдө бир эле спонсорум (демөөрчүм) болду. Ал адам — апам эле. Апам композитор Эсенбек Маданбековдун "Балама" ырын сонун ырдачу эле. Кийин ал чыгарманы мен да жаздырып, азыр ырдап жүрөм. Апам бүт өмүрүн мага, балдарыма арнады. Сыйыма толук татый электе кетип калды. Неберелерин жыттап жашап турса болмок, эми ал тагдырдын буйругу. Башкысы — менин ушундай сонун апам болгон!
Айылга барып атамдын, апамдын туугандарына байма-бай каттап, катышып, сагынычымды таратып турам.
Айылдагыларга, жергиликтүү бийлик жетекчилерине ыраазычылыгымды билдирем. Расмий иш-чараларга чакырып, талантымды баалап, сыйлап турушат. Ак-Талаанын ардактуу атуулумун.
Бийиктикке кол сунган, берекеси кемибеген, адамдары таза жана күйүмдүү болгон тейде сакталып калышыңды каалайм, менин айылым. Аман болгула айылдаштарым!
Кат жазган, кызыңар Токтобүбү Черикчиева.