БИШКЕК, 12-сен. — Sputnik. Каракол шаарындагы Токтогул жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишиндеги аялдаманы кесип кетти делген киши кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИББдин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 5-сентябрь күнү белгисиз адамдар аталган аймакка орнотулган аялдаманын түркүгүн темир ширетүүчү аппарат менен кесип, жараксыз абалга келтиришкен.
Аталган факты боюнча Каракол шаардык мэриясы милицияга кайрылган.
"Окуя болгон жерге келген тергөө-ыкчам тобу күбөлөрдү сураштырып, 5-сентябрь күнү болжол менен саат 19.30-20.30 аралыгында Токтогул көчөсүнүн түндүк тарабында жайгашкан аялдаманын түркүгүн атайлап кесип, бүлдүрүп кеткендигин аныкташкан. Келтирилген чыгым 142 246 сомду түзгөндүгү тастыкталды", — деп айтылат маалыматта.
Бул факты Кылмыш жаза кодексинин 174-беренеси (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.