Эртелеп Нарынга жетейин деп таң атпай чыктым. Автовокзалга келерим менен эле "мага түш, мага түш" деген таксисттерден баш айланат.
"Дордой" базары жактан бир аял түшүп, сапарыбыз уланды.
Машинадагы абышка
Унаага түшкөндө эле алдында жашы өтүп калган киши отурган. Бапылдап сүйлөгөн, салабаттуу абышка экен дедим ичимен. Кептин баары жолдо башталды.
Алтымыштан ашып, жетимишке жакындап калган киши көптөн бери ары-бери чыкпай буулугуп калганбы, же аябай сүйлөшкүсү келгенби, айтор, жолду катар башынан өткөн окуяларын айтып, ат жалына казан асып баратты. Деги койчу, Кыргызстандын кайсы жерин кыдырганын, кимдер менен табакташ, кимдер менен "төшөктөш" экенине чейин саймедиреди. Ичимен "а жарыктык киши, буулугуп калган экен" деп унчукканым жок.
Негизи мага жакпаган кишилер менен сүйлөшкүм келбейт. Кулагыма наушникти тыга салып, музыканын ыргагы менен бараттым. Улам мен жакты карап бир нерселерди айткандай болот, көңүл бурбадым.
Жолоочунун жолдогусу жакшы
Бир маалда жолдон машинаны токтотуп, "кемпирим майда-чүйдө ала кел деген" деп алмадан тарта пиязга чейин алды. "Аа, камкор чал турбайбы" деп ичимен тамшанып койдум.
Нарынга эрте барсам экен деген эки көзүм төрт болгон жаным чыдамым кетип, турган дүкөндөрдү кыдырып келейин дедим…
Алты чакты дүкөндү кыдырдым, баягы абышка жок, кайда кетти экен бул деп туруп калып, ары жактан соодагердин өктөм үнүн уктум. Болду-болбоду ушул биздин "абышка" болсо керек деп барсам, дал ошондой экен. Кыязы абышка берген акчага тигил көнбөй жаткандай. Мени көрүп эле "эми бер, алайын" деди.
Мен:
— Аксакал машинадагылар күтүп калды, эртелеп чыгалы, — десем, абышка туталанып кетти.
— Ой эмне шашасың, чоң атаңдай киши шашпай эле жүрөм го. Кудай жол берсе жетебиз… — деп кайра мени кекетти.
Негизи алыска чыкканда жолду катар токтоп, арак ичип, анан кыжылдашкандар такыр жакпайт.
— Ой, ата жарым саат болду күтүп жатабыз, — дедим.
Ошентип экөөбүз ээрчишип келип, машинага отурдук.
Түшөрү менен эле "азыр заман эмне болгон? Жаштар эмне болгон? Ыйман кетти" деп жатты. Унчуккан жокмун. Наушникти кулакка салып, музыкамды угууну уланттым…
Машина үчүнчү жолу токтоп…
Тигил абышка кайтадан машинаны токтотуп бул ирет суу алам деди. Макул деп айдоочу токтоду. Абышкабыз кайтадан жок…
Баарыбыз тынчсызданып "жыгылып калдыбы" деп "чалгынга" мени жиберишти. Барсам дагы соодалашып жатыптыр. Жиним келип:
Машина ордунан козголду… Нарынга кире бериште "Бейше булагы" деген булак жана анын жанында мечит бар экен. Ошол жерден "токтот" деп айдоочуга опурулду. Менин жанымда бараткан Жоомарт деген бала түшүп, арак-шарабын куюп берди…
Келип отуруп, "омииийин балдар" деп келмени айтып "дөөтү колдосун, аман-эсен жетели" деп бизге колун жая батасын берди.
Жан дүйнөм куурула түштү. Ак сакалын жайкалтып, нарк-насили, каадасы менен небересиндей болгон бизге ак батасын, жакшы тилектерин айтса кана деген ой басты.
Ошентип Нарынга Бишкектен саат 8:30да чыгып, саат 15:00 дегенде араң жеттим. Соңунда ар бирибизге кадырлуу, дөөлөттүү карылыкты насип кылсын деп тиледим. Карысы бардын ырысы бар деп байыртадан бекеринен айтылбаса керек.