Бир жолу менин тааныш кызым алыстан келген туугандарынан улам бир айдан бери коридордо уктап жатканын айтып кейип калды. Бир бөлмөлүү үйү анча кишини батыра албаса керек.
"Жай айтып, туугандарыңды жолго салбайсыңбы" десем, мени акылынан айнып калган кишидейиэле карады. "Апей, ошондой болмок беле, ал деген салт да" деген жооп уктум.
Кыргыз элинин тууган-туушкан ичиндеги мамилеси, ата-баланын орду сыяктуу оңой эмес суроолорго "Бакдөөлөт" фондусунун жетекчиси Мелис Мураталиев жооп берди.
— Азыр глобалдуу экономикалык мамилелердин өнүгүшү менен жашоонун өзү кыйла татаалдашып кетти. Күнүгө башыбыз менен башмалдырык атып иштегенибиз менен жарып деле кеткен жокпуз. Бирок чоң-чоң тойлорду өткөрүү, конокту "дың" дебей тосуу, калың төлөө сыяктуу салттарыбызды сактап калдык. Жашоонун жаңы агымы менен бул үрп-адаттарабызды жоготуп албайбызбы?
— Салт унутулбашы керек, бирок анын маани-маңызын туура түшүнүү зарыл. Меймандостук — адамдын жан дили менен жасала турган нерсе. Келгенче конок уялат, келгенден кийин үй ээси уялат дегенге жеткирүүнүн өзү уят. Эгер адам кыйналып жатканын көрүп турсаң, жата конуп жүрө берген туура эмес.
Эгер үйгө келген кишинин башка барар жери жок болсо бир жөн. Бирок анда деле көйгөйүңдү бирөөгө үйө салуунун кереги жок.
Бул — салт, жазылбаган мыйзам. Хан да, жылкычы да милдеттүү түрдө жасай турган нерсе. Ал эми "каада" — ошол салттын ишке ашырылуу жолдору. Ал адамдын деңгээлине, мүмкүнчүлүгүнө, дараметине жараша болот. Мисалы, ханга жубай болчу кыздын отуз күн ойноп, кырк күн кыңшылап узашы мүмкүн. Тойго миңдеген киши келип, Ала-Тоодой эт, Ала-Көлдөй чык тартылат да, кыздын калыңына күтүрөгөн мал айдалат.
Жылкычы анчалык шаанилүү той өткөрө албайт. Кыздын калыңына да үйүрү менен эмес, бир эле жылкы бериши ыктымал. Бирок экөө тең салтты аттап кетпейт. Демек, каада жагдайга жараша ар кандай болот, ал эми салт сөзсүз аткарылышы талап, ал туруктуу.
— Өөн учураган көрүнүштөн кеп баштагым келип турат. Мурда уурулук кылган кишинин башын алчу экен, азыр аны аздектеп төргө жетелеп өтөбүз…
— Бул биздин коомдун оорусу! Улуу Кыргыз каганатынын учуру эсиңиздеби? Академик Василий Бартольд IX-X кылымды Улуу Кыргыз Дөөлөтү деп атайт, анткени ошол кезде кыргыздар өсүп-өнүп азыркы Монголия, Сибирь, Кытайдын бир бөлүгү менен Казакстандын аймагын ээлеп турган.
Мамлекетте темирдей тартип өкүм сүрүп, калп айткан, ууру кылган, анан чыккынчылык жасаган адам өлүм жазасына тартылган. Жаза анын үй-бүлөсүнө да жайылган, башкача айтканда, кылмышкердин башы алынып, атасынын же улуу агасынын мойнуна илинген. Тигилердин аны алып салууга укугу жок болчу. Мындан улам эл аталган үй-бүлөдөн калпычы, чыккынчы же ууру чыкканын билип турган. Бул үй-бүлө өзүнөн өзү элден чыгып калган. Ал эми кыргыз үчүн элден чыгып калгандан өткөн жаман нерсе жок. Кылмыш кылган адамдын терс жосуну укум-тукумуна чейин айтылып, сөзгө калган. Мындай жаза адамдардын жаман жолдон оолак болуусун шарттап, жоопкерчилик жүктөгөн.
Биз азыр көп баалуулуктарыбызды жоготуп бара жатабыз. Кыргызда "айтылганга чейин сөз сенин кулуң, айтылгандан кийин сен сөздүн кулусуң" деген сөз бар. Азыр сөздүн да куну кетти, эмне деп сүйлөп жатканыбызга көп деле маани бере бербейбиз. Кыргыздар минтип жашаган эмес.
— Келиндер жөнүндө сүйлөшөлүчү. Акыркы учурда айрым үй-бүлөлөрдө салтка жамынып, келиндерди басынтуу көрүнүш күч алып жатканы айтылып келет. Бул ойлонто турган маселе да?
Бирөөнүн алмончоктой кызын келин кылып алгандан кийин аны басынтууга жол берилбейт! Кыргыз кыз-келиндеринин эки чылбыр, бир тизгинди колуна алган учуру көп болгон. Каныкей эне, Жаңыл Мырза, Кыз Сайкал, Курманжан датка — булар кезинде элдин тагдырын чечип келбеди беле.
— Экиден-үчтөн аял алуучу?
— Бул өтө талуу маселе. Жеке менин баамымда көп аял алуучулук көчмөн турмушта өлүм-житимдин көп болушунан улам келип чыккан болуш керек. Ошондо да эркектин төшөк жаңыртышы байбичесинин сунушу, макулдашуусу менен ишке ашкан.
Жеңижок акынды алалы. Көксөп жүрүп баш кошкон Көксулуунун согончогу канабай коет. Элдин баары атактуу акындан тукум калышы керектигин билет. Жеңижоктун дагы бир аял алышын Көксулуу өзү суранса да акын болбой койгон.
Мурунку кездеги никелешүүнүн айрым түрлөрү да азыр бизге өөн учурайт. Күйөөсү өлгөн аялдын башын маркумдун инисине байлап коюшчу. Мунун да мааниси бар. Атасыз калган балдар жетимчиликти башынан кечирбей, өз тууган-уругунун ичинде тарбияланган.
— Жөнү бардай…
— Албетте! Бизде ар бир салттын мааниси бар. Керек болсо маңызы азыр окумуштуулардын аракети менен ачылып жаткан үрп-адаттар кездешет.
2000-жылдары япон окумуштуусу Эмото Масару суу өзгөчө касиетке ээ экенин аныктап чыкты. Адамдын энергетикалык талаасы бар экени аныкталган факт. Көрсө суу куюлган чыны болгон жаман-жуман нерселерди өзүнө тартып алат экен.
Дагы бир мисал. Археологдор наристелердин бейитинен тешилген чүкөлөрдү тапчу. Көп мезгилге чейин бул окумуштуулар үчүн табышмак болуп келди, бирок кыргызда бул ырым ХХ кылымга чейин колдонулуп келиптир. Көрсө ар кыл түскө боелгон чүкөлөрдү бешикке илип коюшчу экен. Жарык дүйнөгө келген ар бир бешинчи ымыркай сологой болуп төрөлөт. Ал эми жоокерчилик заманда сологойлук бир топ тоскоолдук жаратып келген.
Мындан улам баланы бешикке бөлөгөндө оң колун бош коюшчу экен. Түркүн түскө кызыккан ымыркай сөзсүз илинип турган чүкөлөргө талпынат да. Демек, оң колу кыймылга келип, улам-улам машыга берип, баланын нерв системасынын оң өрөөнүн өнүктүрө баштайт. Ошентип, бала бешиктен чыккыча эле оң колдукка тарбияланып калат. Азыркы учурда окумуштуулардын айтымында, оң кол же сологой экени баланын 2,5 же 3 жашында гана аныкталат. Ага чейин билүүгө мүмкүн эмес экен… Эмне деген кеменгерлик?!
— Апрель революциясынан кийин айрым өлкөлөрдө "Мендеги кыргызды ойготпо" деген жазуулар жазылган футболкалар пайда болду. Туура келбеген башкаруучуга моюн сунбоо жалпы улутка тийиштүү мүнөзбү?
— Эркиндикке умтулуу ар бир элдин канында бар, бирок кыргыздарда бул абдан өрчүгөн. Эгер 10 кыргыз жигитин чогултуп, "кимиңер хан болосуңар?" деп сураса баары кол көтөрөт. Бул көчмөндөрдүн мүнөзүнө байланыштуу. Кыргыз эли азаттыкты баарынан жогору тутчу, бирөөнүн алдында көз каранды болуп, кулча жашагандан өлүмдү артык көрчү. Акыйкатсыздыкты жек көрчү, ошондуктан эки революцияда кыргыз эли өзүнүн күчүн бүт дүйнөгө көрсөттү…
Эр Солтоной тууралуу баянды эшиттиңиз беле? Кыргыздар жунгарларга каршы согушка аттанышыптыр. Кан көп төгүлбөсүн деп эки тараптан 100дөн жоокер чыгып жекеме жеке чыкмай болушат. Кайсы тарап көп утушка ээ болсо, жер ошо тарапка калат, утулганы жерди бошотуп берет деп макулдашышат…
Жети жыл мурун болгон Апрель революциясы учурунда менин бир таанышым Латвияда болчу. Анда "Ала-Тоо" борборундагы окуялар бүт дүйнөгө чагылдырылып жатпады беле. Бир жолу таанышымдын жанына латыш киши келип, кармалап көрүп "силер кадимки эле кишисеңерби же кимсиңер?" деп таң калган дейт.
Көрсө ал Ак үйгө колуна желек көтөргөн 16 жаштагы баланы көрүптүр. Жигит ок тийип жыгылат. Желекти жерге түшүрбөй артынан бирөө ала калып алдыны көздөй чуркайт. Ал да октон жыгылат. Желекти анын артынан келе жаткан киши илип кетет. Ошол жерден оператор камераны башка жакка буруп кетти дейт. Европа жашоочусу жигиттердин майрамга ашыккандай өлүмдү беттеп чуркаганына таң калыптыр. "Бизде, Европада митингдерге чыкканда ысык суу чачып элди таратышат. Ошондо биз айлап ошол аянттарды айланып жүрөбүз" дептир.
Манаста "түгөнгөн сайын түтөгөн, кырылган сайын кычаган" деп айтылат… Бул кыргыздын касиети, ал биздин каныбызда, жаныбызда.
Азыр биз дүйнө менен кадамдаш болуп, артта калбаганга аракет кылып жатабыз. Бул албетте, жакшы: илим, технология өнүгүп жатат, биз да аны менен камыр-жумур болуп жуурулушуп баратабыз. Бирок эч качан ким экенибизди, бул дүйнөгө кандай салым кошо аларыбызды унутпашыбыз керек.