Бирок барган сайын салт-санаа унуткарылып, адамдардын бири-бирине болгон мамилесинин да маани-маңызы кетип бараткандай. Анын ичинде улууларга болгон сый-урмат. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги этнограф Октябрь Капалбаевдин жардамы менен жашы улуу адамдарга кичүүлөр тарабынан жасалбашы керек болгон нерселерди тизмектеди.
Саламдашпай сөз баштабайт. Кыз-эркегине карабай саламды алгач кичүү адам айтып, андан соң гана улуусу алик алган. Эркектер салам бергенде да алгач кичүүлөр эки колдоп кол сунган.
Төр талашпайт. Ар бир адам төрдүн баасын, баркын билип жүрүшү керек. Азыр айрымдар "отура бер, мен ушул жерге эле отурайын" деп кичүүлөрдөн ылдый улага тарапка отуруп алат. Бул туура эмес, анткени илгертен кыргызда аксакал төрдө отуруп, калгандары жаш курагына карата ылдый отурган. "Өз ордуңду билчи" деген сөз да ошого байланыштуу айтылып калган. Ошондой эле үйгө киргенде да, чыкканда да жашы улуу адам биринчи кирип, биринчи чыккан.
Каяша айтпайт. Улуулар кандай сөз айтса да ага тибиреңдеп жооп кайтарбаш керек. "Айтылган сөздөн айтылбаганы күчтүү" деген кыргызда жакшы макал бар. Дайыма эле айтылган жооп туура боло бербейт. Андыктан улуу адамдар бир нерсе айтып жатканда ага эки эсе кылып жооп бербей "макул" деген таризде баш ийкеп коюу адамдын күчтүү, тарбия көргөнүн көрсөтөт.
Улуулардын сөзүнө кийлигишпейт. Жашы улуу адамдар сүйлөшүп жатканда алардын оозунан сөз талашып, кебине кийлигишкен туура эмес. Муну менен ал адам өзүнүн адепсиздигин көрсөтөт. Качан гана ага сөз берилгенде өз оюн айтуусу керек.
Улуулардан мурда туруп кетпейт. Тамактанып бүткөн соң, же тамактанып жаткан учурда жаштары каалаган учурда ордунан туруп кеткен эмес. Алар качан гана улуу адам бата бергенден кийин гана ордунан турган.
Улуулар турганда кичүүсү бата бербейт. Мейли той-аш болобу, же үй-бүлө менен тамактанып бүткөн учур болобу, эч качан улуу адам турганда андан жашыраагы бата берген эмес. Тойлордо да батаны жөн киши эмес, кадыр-барктуу, көптү көргөн аксакал бериши кажет.