Сокулук айылына 1 млн. сомго канал курулат

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүСуу каналы. Архив
Суу каналы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-августта жарыяланган тендердин мөөнөтү 30-августта аяктайт

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Сокулук айылынын Ленин көчөсүнө канал куруу үчүн Сокулук райондук суу чарба башкармалыгы тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, башкармалык каналдын курулуш иштерине 1 миллион 244 миң 379 сом сарптоого даяр.

Тендер 26-августта жарыяланып, мөөнөтү 30-августта аяктайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0