Туура тогуз жыл мурун, 2008-жылдын 24-августунда, Бишкекте учактын кыйрашы тууралуу үрөй учурган кабар бүт өлкөнү сестендирген. Учакта 90 жүргүнчү бар эле.
Боинг-737 учагынын шассиси "Манас" аэропортунун тилкесинен 20.30да көтөрүлгөн, ал эми 13 мүнөттөн соң жерге түшкөн учактын тулкусу өрттөнө баштаган. Ичинде аман калгандар иске ууланып, ызы-чуу түшкөн…
Байыш Адиев – бул каргашаны баштан кечирип, тирүү калган 25 таалайлуунун бири. Агезде Байыш 15 жашта болчу. Анын баянын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Асел Минбаева жазып алды.
…Эгизим менен баскетболчулар тобуна капысынан кирип калганбыз. Классташтарыбыз сабакка кечигип, бирок эч кандай жаза албагандарын байкадык, алар машыгууда болгондорун айтса, мугалимдер кечирип койчу. Бул биздин да көңүлүбүзгө уюй түштү.
Мектептин тушунда төрт баскетбол аянтчасы бар эле. Көрсө бойдун узундугу жакшы ойноо үчүн жетишсиздик кылат экен. Эгизим экөөбүздү бул нерсе намыстантып, тырышып ойной баштадык. Ошентип кызыгып кеттик.
№29 мектептин курама тобуна эч ким тең келе албайт эле. Мелдештердин бардыгында биринчи орунду багындырып жаттык. Азия чемпионатына Тегеранга ким барат деген маселе чыкканда, сынаксыз эле биздин топту тандашты. Балдардын кубанычында чек жок болду!
Даярдык өз нугунда өтүп жаткан. Так учаар алдында бир оюнчу тизесин оорутуп алып, бара албай калды. Башка баскетболчуну да күтүүсүз алмаштырышты. Учакка отурбай калгандардын көңүлү аябай чөккөн.
Менде эч кандай түпөйүл сезимдер болгон эмес. Бирок кырсыктан мурун бир түш көргөм, түшүмдө биздин баскетболдук топ согуш талаасында экен. Аман калууга жан үрөмөй, эки досум каза табат, агам жарадар. Түгөйүм Жанышсыз кетпейм дедим, анан экөөбүз да каза табат экенбиз… Кийин гана ал түш тегин жерден кирбегенин түшүндүм.
Бизге ортоңку орундар тийген, бирок биз командабыз менен арка тарапка отурууну чечкенбиз. Башка жүргүнчүлөр да окшош формаларыбызды көрүп, орун алмашууга көнүшкөн.
Мен терезеге жакын, агам Жаныш ортодо, ал эми биздин жакын досубуз четке отурган. Эмил биринчи жолу учуп жатканы үчүн терезеден баарын көрүп барууга орун алмашууну өтүнүп, ага ордумду бошотуп бергем. Ошентип чыга турган тарапка жакын отургам.
Ошондо дагы бир досубуз Абдурахман артка отурганын көрүп, эң акыркы катарга анын жанына барып алгам.
Учактын жаңы от алып, учуп чыккан маалын абдан жактырар элем, бирок ошондо башкача болду. Кубаттуулугу жетпей жаткандай. Адаттагыдай кулакка таккычты тагып, музыка угуп, уктап барайын деп жаткам. Бирок эч нерсе уга албай койдум, кулагым чуулдап эле туна түшкөндөй болду. Стюардесса жаныбыздан өтүп бараткан. Баарыбызга жылмая бел курду курчануубузду өтүндү. Көз карашынан эле анын кабатырланганын туйдум. Арттагы өз орунтугуна жеткенде жанталаша отуруп, калтырай курчанды. Абал жаман экенине көзүм толук жетти.
Көз ачып жумганча… учак кулады! Ыргып кеттим, бирок бел кур мени сактап, жабыркаган жокмун. Учактын ортосундагы орундуктар түбү менен ыргып, баары бири-биринин үстүндө жатты. Төмөндөн жогору карай өрт көтөрүлдү.
Жүзүмдү, колдорумду жалын жалмады. 10 секундага жарык да өчүп, жымжырттык өкүм сүрдү. Эмнегедир ошол ирмемдер болуп көрбөгөндөй тынч болду… Анан ый-кыйкырык башталды. Жанымдагы Абдурахманды да карабай, ордумдан атып тура артка, каалга тарапка жулундум.
Башка жүргүнчүлөр да чыга турган тарапка чуркады. Түртүшмөй башталды. Тебелеп кетишпесин деп, тизем менен чыканагымды тиредим. Бир канча киши буту менен каалганы тепкилей баштады, бирок анын ачылып-жабылышын жөнгө салган шаймандары эрип кетип, эшик ачылбай жатты. Стюардесса келип, ал да каалганы ачууга тырышты, бирок аз өтпөй колдору аябай күйүп калганын көрдү.
Жалган сүйлөбөйм, ошол маалда эч ким тууралуу ойлободум. Болгону жашагым гана келди! Абам мага Аравиядан теспе алып келип берген, аны кармалай, Кудайдан мени аман алып калуусун тиленип жаттым.
Күтүүсүздөн эле салонду бопбоз, муунткан түтүн каптады. Эки-үч ирет дем алган соң, башым тегерене баштады. Футболкам менен башымды калкалап жаттым, бирок жалын жалбырттаган "консерва кутусунда" аба түгөнүп баратты. Баары бүттү деген ой басты. Футболкамды түшүрүп, ошол уулуу, бопбоз түтүндөн дем алууга даярдана баштагам.
…Дал ошол маалда жүзүмдү таза аба сылай түштү. Кимдир-бирөө эшикти ачыптыр, элестетсеңиз?! Ошондо өмүрүмдү сактап калуу керектигин түшүндүм. Адамдар учактан секирип, жөтөлүп, ага карабай бири-бирине жардам берип жатышты.
Бутум жерди баскан маалда агам оюма түштү. Өзүмдү жоготуп, кайра күйүп жаткан учакка бет алдым. Мага Марат досум да кошулду. Жөрмөлөп түшүп баратканын көрүп, түгөйүмдү алып чыктык. Анын аркасынан Эсен жылып келатты, анын терисинин 65 пайызы күйүп калган экен…
Адегенде, Эсен экөөбүз бир палатада жаттык. Алгачкы үч күн дээрлик эсимде жок, улам асма укол коюп жатышкан. Эсенге абдан жаман болду. Анын көңүлүн көтөрүүгө аракет кылып, баары жакшы болорун айтып, бекем карманышын суранып жаттым. Бирок 65 пайыз күйүк…
Аны Россияга которушту, бирок жашап кете албады. Терезеге жакын отургусу келген Эмил досум да набыт болду. Жанымда отурган сапарлашым Абдурахман да… Ага эмне болгонун, кантип каза тапканын билбейм. Өз ордумдан атып турганда, кантип аман калуунун гана жолун ойлогом да…
Өз досторумдун жаназасына катыштым. Абдан оор болду, бирок аларды акыркы сапарга узатпай да кое алмак эмесмин. Алар азыр да түшүмө кирет… Апам атамдын да ыйлаганын айтып берген. Бирок өзүм көргөн эмесмин. Кырсыктан эки жыл өткөндөн кийин атамдын жүрөгү кармап каза болду. Менимче, ошол кырсык аны алсыратып кетти көрүнөт.
Агам экөөбүз баскетболду таштаган жокпуз, азыр "Алга" тобунда ойнойбуз. Агам да, мен да үйлөндүк, эгизимдин эки жашар уулу бар. Ошондой эле №5 ЖАБда иштейм. Мамлекеттик кызмат мага төп келет, анткени кыялымды орундатууга жол ачат. Кыялым — Кыргызстанды дагы жакшыртуу…
Иликтөөлөр кырсыкка экипаждын катачылыгы себепкер экендигин аныктаган. Учактын командири Юрий Гончаров жана экинчи учкуч Тимофей Водолагин беш жылга эркинен ажыратылган.