БИШКЕК, 23-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Суу районунда машина бетон дубалды сүзүп, айдоочу мерт болгонун Sputnik Кыргызстан агенттигине милициядан кабарлашты.
Кырсык 22-август күнү түштө Фуркат айылында болгон.
"Рулду башкара албай калган Daewoo Matiz унаасынын айдоочусу күү менен келип бетон дубалды сүзгөн. Ал оорукананын реанимациясында каза болгон. Дагы беш жүргүнчүнүн жабыркаганы аныкталды", — дешти укук коргоо органдарынан.
Аталган факты боюнча тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.