Кыргызстандык боксчулар Азия чемпионатында беш медаль утту

© Sputnik / Табылды КадырбековМеждународный турнир по боксу в Бишкеке
Международный турнир по боксу в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Пуэрто-Принсеса шаарындагы мелдешке Кыргызстандын атынан 11 спортчу барган

БИШКЕК, 8-авг. — Sputnik. Кыргызстандык мушкерлер Азия биринчилигинде беш медаль утту. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-августтан 7-августка чейин бокс боюнча өспүрүмдөр арасындагы чемпионат Филиппинде өткөн. Пуэрто-Принсеса шаарындагы мелдешке Кыргызстандын атынан 11 спортчу катышкан.

Анда ата мекендик боксчулар бир күмүш, төрт коло медаль утушту.

Жаңылыктар түрмөгү
0