00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
7 мин
Личный интерес
Как кочевая кухня станет главным гастрошоу Игр кочевников
10:08
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жазылуу
Бишкек шаардык соту "75чилердин катына" кол койгон 75 адамдын баарын суракка алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун адвокаты Латыпбек Нуралимов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, айыпталуучулар сотко өтүнүч келтирип, кайрылууга кол койгон 75 адамдын ичинен бешөө гана жоопкерчиликке тартылып жатканына нааразычылыгын билдиришкен. "Калган 70 адам да так ошондой позицияны карманып, кол койгон. Эмне үчүн алардын аракетине укуктук баа берилген эмес? Сот өтүнүчтү негиздүү деп таап, кийинки отурумдарда катка кол койгон адамдардын баары чакырыларын айтты", — деди Нуралимов. Ал эми айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова жараянды ачык өткөрүү өтүнүчүн келтиргенин, сот аны четке какканын билдирди. Жактоочунун журналисттерге айтканына караганда, отурумду ачык өткөрүүгө Курсан Асанов менен Курманбек Дыйканбаевден башка айыпталуучулар каршы болушкан.
Кыргызстандын мектептерине 1, 2 жана 5-класстар үчүн орус тили жана окуу предмети боюнча 671 миң окуу китеби жеткирилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Россиядан алып келинген окуу китептери Кыргызстандын мамлекеттик жана предметтик стандарттарына, ошондой эле билим берүү программаларына ылайык эки өлкөнүн басмаканалары тарабынан биргелешип даярдалган. Жакынкы күндөрү өлкөнүн бардык райондорундагы жана шаарларындагы мектептерге жеткириле турган бул китептер аталган класстардын окуучуларынын орус тили жана окуу предмети боюнча китеп муктаждыгын толук камсыздайт. Долбоор Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылууда.
Кыргызстанда сентябрдан баштап BARS улуттук бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт. Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, ишкана чыгарган товарлар ички рынокко сатылат жана Борбордук Азия, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттолот. Завод жылына 10 миңге чейин автоунаа чыгарат деп пландалууда. Ал Чүйдө 15 гектар жер тилкесине салынып, 100 адам жумуш менен камсыздалат. Ушул тапта долбоорду ишке киргизүү боюнча 75 пайыз иштер аяктаган.
РФ президенти Владимир Путин чыгыш чек араларынын коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешмеде аскерлердин башкы милдети өлкөнүн бардык чектерин коргоо экенин айтты. “Негизги милдеттер бүгүн атайын аскердик операциянын жүрүшүндө чечилип жатканы түшүнүктүү, бирок биздин милдетибиз — Россия мамлекетинин коопсуздугун анын бардык чектеринде, бардык аймактарда камсыз кылуу”, — деди Путин. Өлкө башчы Сахалинге иш сапары менен барган. Анын алкагында ал Тынч океан флотунун командачысы жана анын кол алдындагылар менен баарлашкан. “Аймак жөнөкөй эмес. Командачы аймактагы кырдаалга баа берди, мен буга толугу менен макулмун. Алдыбызга койгон жалпы милдеттерди натыйжалуу чечүү үчүн сизге жана кол алдыңыздагыларга шарт түзүү максатында дагы эмне кылуу керек экендиги боюнча сунуштарыңызды уккум келет”, — деди президент жолугушуунун каты
Жаңылыктар түрмөгү
0