https://sputnik.kg/20260814/1102990060.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө 2026-жылдын январь-июнь айларында орточо айлык акы 53 759 сомду түзүп, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 27,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук... 14.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-14T15:00+0600
2026-08-14T15:00+0600
2026-08-14T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0e/1102989894_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_d01a2a7fae452ad85e2ff442c9310e8b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө 2026-жылдын январь-июнь айларында орточо айлык акы 53 759 сомду түзүп, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 27,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Былтыр январь-июнь айларында орточо маяна 42,1 миң сом болгон. Ошентип, бир жыл ичинде орточо айлык 11,6 миң сомго көбөйгөн. Эмгек акы баарынан көп искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармактарында (49,2%) өскөн. Андан кийин саламаттык сактоо, социалдык тейлөө (43,7%), билим берүү (42%) тармактары турат. Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтар расмий иштеген кызматкерлердин орточо айлык акысын камтыйт.
Өлкөдө кытай темасын козуткан тышкы жана ички күчтөр бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди. Анын айтымында, маселени козгогондор темир жол, турак үйлөрдүн курулушу, мектеп, бала бакча сыяктуу өлкөдөгү ири долбоорлор бүтпөй калышына кызыкдар. Жапаровдун Кытай боюнча айткандарынын урунттуу учурлары: Кытай темасын козгогон тышкы жана ички күчтөр бар. Алар темир жол, көпүрө бүтпөй калса экен дешет; Кытай менен эч кандай талашыбыз жок. Андыктан коңшу мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышыбыз керек; башка мамлекеттер Кытайга жетпей жүрсө, биз чанып отурабыз; темир жол бүтпөй калса ар бир кыргыз өмүр бою арманда калат. Бул долбоор бүтсө, биз океанга чыгабыз.
“Кыргызфармациядан” 138 млн сомго жакын зыян келтирген мыйзам бузуулар аныкталды Ишкана эки жылдан бери ооруканалардын муктаждыгына карабай эле дары-дармектерди сатып алганын Башкы прокуратура билдирди. Натыйжада жалпы баасы 74,1 млн сом болгон 60 түрдөгү дарынын мөөнөтү өтүп кеткен. Мындан тышкары, медициналык мекемелердин өтүнмөлөрү жок эле алынган 63,8 млн сомдон ашык медициналык буюмдар керектелбей, кампаларда калган. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 137 млн 950 миң сомго бааланды.
29-августтан 6-сентябрга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) саммитине байланыштуу Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул убакта күч кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушат. Айрым жолдор маал-маалы менен убактылуу жабылышы мүмкүн. ИИМ киргизиле турган чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгындарына кабылбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландаштырууну сунуштады.
Япония жетекчилигинин нааразычылыгы Россия менен касташууну тандап алган Токионун алысты көрө албастыгын далилдейт. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити президент Владимир Путиндин Россияга таандык Итуруп аралына барганын "кабыл алынгыс" деп, аймак "байыртадан бери Японияга карай турганын" айтып чыккан. Түштүк Курил аралдары СССРдин курамына Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы менен кирген, Москва бул аймакка ээлиги талашсыз деген позицияда. "Япон жетекчилигинин койгон кинеси — Россия менен каршылашууга ыктаган Токионун алысты көрө албаганынын дагы бир далили", — деген Захарова.
Өлкөдө 2026-жылдын январь-июнь айларында орточо айлык акы 53 759 сомду түзүп, былтыркы ушул мезгилге салыштырмалуу 27,5 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Былтыр январь-июнь айларында орточо маяна 42,1 миң сом болгон. Ошентип, бир жыл ичинде орточо айлык 11,6 миң сомго көбөйгөн. Эмгек акы баарынан көп искусство, көңүл ачуу жана эс алуу тармактарында (49,2%) өскөн. Андан кийин саламаттык сактоо, социалдык тейлөө (43,7%), билим берүү (42%) тармактары турат. Белгилей кетсек, статистикалык маалыматтар расмий иштеген кызматкерлердин орточо айлык акысын камтыйт.Өлкөдө кытай темасын козуткан тышкы жана ички күчтөр бар. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде билдирди. Анын айтымында, маселени козгогондор темир жол, турак үйлөрдүн курулушу, мектеп, бала бакча сыяктуу өлкөдөгү ири долбоорлор бүтпөй калышына кызыкдар. Жапаровдун Кытай боюнча айткандарынын урунттуу учурлары: Кытай темасын козгогон тышкы жана ички күчтөр бар. Алар темир жол, көпүрө бүтпөй калса экен дешет; Кытай менен эч кандай талашыбыз жок. Андыктан коңшу мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланышыбыз керек; башка мамлекеттер Кытайга жетпей жүрсө, биз чанып отурабыз; темир жол бүтпөй калса ар бир кыргыз өмүр бою арманда калат. Бул долбоор бүтсө, биз океанга чыгабыз.“Кыргызфармациядан” 138 млн сомго жакын зыян келтирген мыйзам бузуулар аныкталды Ишкана эки жылдан бери ооруканалардын муктаждыгына карабай эле дары-дармектерди сатып алганын Башкы прокуратура билдирди. Натыйжада жалпы баасы 74,1 млн сом болгон 60 түрдөгү дарынын мөөнөтү өтүп кеткен. Мындан тышкары, медициналык мекемелердин өтүнмөлөрү жок эле алынган 63,8 млн сомдон ашык медициналык буюмдар керектелбей, кампаларда калган. Мамлекетке келтирилген зыяндын алдын ала суммасы 137 млн 950 миң сомго бааланды.29-августтан 6-сентябрга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) саммитине байланыштуу Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, бул убакта күч кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушат. Айрым жолдор маал-маалы менен убактылуу жабылышы мүмкүн. ИИМ киргизиле турган чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгындарына кабылбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландаштырууну сунуштады. Япония жетекчилигинин нааразычылыгы Россия менен касташууну тандап алган Токионун алысты көрө албастыгын далилдейт. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Эскерте кетсек, буга чейин Япониянын премьер-министри Санаэ Такаити президент Владимир Путиндин Россияга таандык Итуруп аралына барганын "кабыл алынгыс" деп, аймак "байыртадан бери Японияга карай турганын" айтып чыккан. Түштүк Курил аралдары СССРдин курамына Экинчи дүйнөлүк согуштун жыйынтыгы менен кирген, Москва бул аймакка ээлиги талашсыз деген позицияда. "Япон жетекчилигинин койгон кинеси — Россия менен каршылашууга ыктаган Токионун алысты көрө албаганынын дагы бир далили", — деген Захарова.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0e/1102989894_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6337a40a8dbbc88a0ec43cd2535d12d6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио