https://sputnik.kg/20260813/1102972421.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолун үч жылдын ичинде куруп бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы... 13.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-13T18:59+0600
2026-08-13T18:59+0600
2026-08-13T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0d/1102972255_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_3920ddbaeaf3544acf7adbd4ebad87c4.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолун үч жылдын ичинде куруп бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Роман Спасский Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда курулуштун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып, курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалып жатат. Мекеме Балыкчы — Кочкор темир жолун курууда топтолгон тажрыйбаны жаңы долбоордо да колдонот. Шпала төшөөчү атайын техника алынгандан кийин темир жол куруунун ылдамдыгы 15 эсеге жогорулаганы кошумчаланды. Буга чейин Жапаров келечекте темир жол Балыкчыдан Караколго чейин салынарын айткан.
Энергетика министрлиги менен Кытайдын China Southern Power Grid International компаниясы электр энергетикасы тармагындагы инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулады. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, электр тармактарын өнүктүрүү, санариптик технологияларды жана электр энергиясын топтоо системаларын киргизүү маселелери каралды. Иш-чаранын жыйынтыгында министрлик менен компаниянын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке ылайык, биргелешкен жумушчу топ түзүлүп, техникалык жана инвестициялык жактан ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлор аныкталат.
Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептерине орус тили жана окуу боюнча 671 миң жаңы окуу китеби жеткирилди. Алар кыргыз жана орус тилдеринде билим алган мектептердин 1, 2 жана 5-класстарынын окуучуларына арналган. Окуу китептерин кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча расмий азем китептер сакталган кампада өттү. Жакынкы күндөрү окуу китептери аймактардагы мектептерге жөнөтүлөт. Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматовдун айтымында, жеткирилген окуу китептеринин саны окуучулардын керектөөсүнө ылайык келет. "Эң негизгиси бул китептер мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жазылган. Окуу китептери мектеп программасына ылайыкташтырылып, 1, 2 жана 5-класстын окуучуларына зарыл болгон темалар эске алынган", — деди ал. Окуу китептери Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен долбоорунун алкагында иштелип чыккан.
Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2026-жылдын жети айында баңгизаттарды колдонуунун жана мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу боюнча 2 100дөн ашуун иш-чара өткөрүлдү. Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинде окуучулар, студенттер жана ата-энелер үчүн 600дөн ашуун лекция жана маалыматтык жолугушуу, сергек жашоо образын жайылтуу максатында 60 спорттук иш-чара уюштурулду. Ошондой эле жарандар көп чогулган жайларда, дарыканаларда жана көңүл ачуучу жайларда 1 300дөн ашуун рейд өткөрүлдү.
Президент Садыр Жапаров Балыкчы — Чолпон-Ата темир жолун үч жылдын ичинде куруп бүтүрүүнү тапшырды. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын башкы директорунун биринчи орун басары Роман Спасский Sputnik радиосуна берген маегинде билдирди. Анын айтымында, учурда курулуштун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып, курулуш иштерин 2027-жылы баштоо пландалып жатат. Мекеме Балыкчы — Кочкор темир жолун курууда топтолгон тажрыйбаны жаңы долбоордо да колдонот. Шпала төшөөчү атайын техника алынгандан кийин темир жол куруунун ылдамдыгы 15 эсеге жогорулаганы кошумчаланды. Буга чейин Жапаров келечекте темир жол Балыкчыдан Караколго чейин салынарын айткан.Энергетика министрлиги менен Кытайдын China Southern Power Grid International компаниясы электр энергетикасы тармагындагы инвестициялык кызматташтыктын келечегин талкуулады. Энергетика министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда энергетикалык инфраструктураны модернизациялоо, электр тармактарын өнүктүрүү, санариптик технологияларды жана электр энергиясын топтоо системаларын киргизүү маселелери каралды. Иш-чаранын жыйынтыгында министрлик менен компаниянын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Документке ылайык, биргелешкен жумушчу топ түзүлүп, техникалык жана инвестициялык жактан ишке ашырууга мүмкүн болгон долбоорлор аныкталат. Кыргызстандын жалпы билим берүү мектептерине орус тили жана окуу боюнча 671 миң жаңы окуу китеби жеткирилди. Алар кыргыз жана орус тилдеринде билим алган мектептердин 1, 2 жана 5-класстарынын окуучуларына арналган. Окуу китептерин кабыл алуу-өткөрүп берүү боюнча расмий азем китептер сакталган кампада өттү. Жакынкы күндөрү окуу китептери аймактардагы мектептерге жөнөтүлөт. Агартуу министрлигине караштуу "Окуу китеби" басма үйүнүн директору Төлөгөн Аматовдун айтымында, жеткирилген окуу китептеринин саны окуучулардын керектөөсүнө ылайык келет. "Эң негизгиси бул китептер мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык жазылган. Окуу китептери мектеп программасына ылайыкташтырылып, 1, 2 жана 5-класстын окуучуларына зарыл болгон темалар эске алынган", — деди ал. Окуу китептери Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен долбоорунун алкагында иштелип чыккан. Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2026-жылдын жети айында баңгизаттарды колдонуунун жана мыйзамсыз жүгүртүүнүн алдын алуу боюнча 2 100дөн ашуун иш-чара өткөрүлдү. Ведомствонун маалыматына караганда, анын ичинде окуучулар, студенттер жана ата-энелер үчүн 600дөн ашуун лекция жана маалыматтык жолугушуу, сергек жашоо образын жайылтуу максатында 60 спорттук иш-чара уюштурулду. Ошондой эле жарандар көп чогулган жайларда, дарыканаларда жана көңүл ачуучу жайларда 1 300дөн ашуун рейд өткөрүлдү.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0d/1102972255_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d5c4ceca20ca779e8d547e7a7133af6f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио