00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Ежедневные новости
16:30
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп кадр
Кинонун сыйкыры костюмдан башталат! Образ кантип жаралат?
19:11
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Сөөк чучугун трансплантациялоо: кыргызстандык бейтаптар үчүн кандай жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды?
21:05
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргызстандын башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен онлайн жыйын өтүп, анда кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүү маселелери талкууланды. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти. Жыйынга министр Догдуркүл Кендирбаева жана анын орун басары Виктория Мозгачева катышты. Анда Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетекчиси болуп буга чейин Аккредитациялоо жана лицензиялоо бөлүмүн жетектеген Бактыгүл Акулова дайындалганы маалымдалды. Министр кесиптик лицейлерди лицензиялоо, жатаканалардын ишин жөнгө салуу, окуу жайлардын аймагын жашылдандыруу жана санариптештирүү боюнча иштерди күчөтүү зарылдыгын белгиледи. Ошондой эле окуучулардын стипендиясын жогорулатуу, кесиптик лицейлердин аброюн көтөрүү, окуучуларды кабыл алуу жана алдыдагы улуттук форумга даярдык көрүү боюнча тапшырмалар берилди.
Кыргызстандын мектептерине 1, 2 жана 5-класстар үчүн орус тили жана окуу предмети боюнча 671 миң окуу китеби жеткирилди. Бул тууралуу Агартуу министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, Россиядан алып келинген окуу китептери Кыргызстандын мамлекеттик жана предметтик стандарттарына, ошондой эле билим берүү программаларына ылайык эки өлкөнүн басмаканалары тарабынан биргелешип даярдалган. Жакынкы күндөрү өлкөнүн бардык райондорундагы жана шаарларындагы мектептерге жеткириле турган бул китептер аталган класстардын окуучуларынын орус тили жана окуу предмети боюнча китеп муктаждыгын толук камсыздайт. Долбоор Кыргызстан менен Россиянын билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылууда.
Дарыгерлер шишиги бар сегиз күндүк ымыркайга операция жасады. Балдар онкологу Султан Стамбековдун айтымында, айрым шишиктер тубаса болуп, бала төрөлгөнгө чейин же өмүрүнүн алгачкы күндөрүндө аныкталышы мүмкүн. “Мындай учурда убакыт өтө маанилүү жана адистердин так, биргелешкен иши талап кылынат”, — деди дарыгер. Операцияга балдар хирургдары жана неонатолог-хирургдар катышкан.
Батыш Украинаны Россиянын чек арасына жакын жерге өзөктүк курал жайгаштыруу үчүн колдонууга аракет кылган. Бул тууралуу америкалык журналист Такер Карлсон кесиптеши Рик Санческе берген маегинде билдирди. "Чындыгында Украина өз алдынча мамлекет эмес, ал НАТОнун "кардары". Аны бир максатка жетүү үчүн курал катары колдонуп жатышат, ал максат — Россияны жок кылуу. Украина биз талкалаган жакыр, байкуш, бактысыз жана кыйраган өлкө", — деди ал. Журналисттин пикиринде, мындай кырдаал АКШнын мурдагы бийлик төбөлдөрү, анын ичинде Жорж Буш жана Жо Байдендин администрациялары Украинаны НАТОго кирүүгө шыкактап, муну менен Россиянын чек арасына жакын жерде өзөктүк курал жайгаштырууга аракет кылгандыктан келип чыккан. "Деги эле мындай кылуунун эмне кажети бар эле? Согушту эңсеп турганда гана ушундай кадамга барасың. Россиянын күч колдонуп жооп кайтарышын каалаганда гана ушундай кыласың. Алар күч менен жооп кайтарды. Бирок Москванын ушундай реакция кылышы кимге керек эле? Согуш отун тутантып, Россияны талкалоону көздөгөндөргө керек болчу. Себеби Россиянын мамлекет катары бар экендиги эле алардын кыжырын кайнатат. Менимче, сурамжылоолордо украиналыктардын басымдуу бөлүгү согуштун сүйлөшүүлөр жолу менен аякташын жактап жатышат. Бул согушту Батыштын акылынан айныган лидерлери гана колдошууда", — деп жыйынтыктады журналист.
Жаңылыктар түрмөгү
0