00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Если разобраться...
Кыргызстан глазами туристов и глазами собственных жителей: две разные страны?
12:05
93 мин
Күн башат
Тарых тааныган муун: кыргыз-алтай байланышы мектептерде да жакшырууда
13:08
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Кылым карыткан билим ордосу: Кыргызстандагы жалгыз улуттук макамга ээ мектепке — 100 жыл
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
«На пути к признанию: финалисты премии „Евразия“»
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Садыр Жапаров 6-августта салык салуу жана салыктык эмес кирешелер боюнча өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзамга кол койду. Экономика министрлигинин Салыктык чараларды талдоо жана баалоо секторунун башкы адиси Махмуд Жарашбаев негизги өзгөртүүлөрдү төмөнкүдөй түшүндүрдү:Транзакция салыгы. Кыргызстандагы эсептердин ортосунда жүргүзүлгөн ички которууларга транзакция салыгы салынбайт. Банктар салык агенти катары отчетту ар айдан кийинки айдын 20сына чейин тапшырат. Салык төлөөчү өзүнчө отчет бербейт. Салыктык эмес төлөмдөр. Доонун эскирүү мөөнөтү алты жыл деп белгиленди. Мөөнөт аяктагандан кийин кайтарылбай калган ашыкча төлөм жана туумдар бюджеттин пайдасына эсептен чыгарылат. Алтын жана күмүш өндүргөн ишканалар. Баалуу металлдарды казган же кенди кайра иштеткен ишканалар үчүн киреше салыгынын жогорулатуучу ставкалары эл аралык товардык биржалардагы бааларды эске алуу менен аныкталат.
Кыргызстан Россиядан 20 миң баш асыл тукум бодо мал алууну көздөйт Бул тууралуу эки өлкөнүн айыл чарба министрлери Эрлист Акунбеков менен Оксана Луттун Алматыдагы жолугушуусунда айтылды. Жетекчилер балык чарбасы менен минералдык жер семирткичтерди жеткирүү тууралуу да кенен сүйлөшкөн. Акунбеков Кыргызстанга Россиянын аймагынан балык кармоого жыл сайын квота берүүнү сунуштаган. “20 миң башка чейин асыл тукум бодо мал жана майда жандык алуу боюнча да сөз болду. Минералдык жер семирткичтерди жеткирүүнү көбөйтүү жана өндүрүүчүлөр менен түз, узак мөөнөттүү келишимдерди түзүү маселеси да каралды”, — деп айтылат маалыматта.
Үч жигиттин унаасынан 7 миң доза синтетикалык баңгизат табылды УКМК атайын операциянын жүрүшүндө Кыргызстанга синтетикалык баңгизаттарды жеткирүү жана сатуу менен алектенген эл аралык уюшкан кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт койгонун маалымдады. Ага ылайык, операциянын алкагында кылмыштуу топтун 24 жана 26 жаштагы үч мүчөсү кармалды. Алардын унаасынан 6-7 миң дозага тете өзгөчө ири өлчөмдөгү синтетикалык баңгизат табылып, алынган. Ал маңзаттардын көмүскө рыноктогу болжолдуу чекене баасы 10 миллион сомдон ашат. Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн жана баңгизат жеткирүү каналдарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери уланууда.
Таш-Көмүрдө Нарын дарыясы аркылуу өткөн көпүрөнү туристтик жайга айлантканы жатышат Курулуш министрлигинин долбоору боюнча көпүрөнү оңдоп, сырдап, айланасын көркөндүрүп, A-frame үйлөрдү куруп, ресторан жана аллея салуу пландалган. Маалыматка караганда учурда каралбай калган көпүрө Союз маалында шахтадан чыккан көмүрдү темир жолго чейин жеткирүү үчүн салынган.
Москва Вашингтонго Россиянын аймагынын түпкүрүнө сокку урууну уюштурууга жана ишке ашырууга АКШнын катыштыгы тууралуу суроолорду жөнөтүп, анын жообун күтүп жатат. Бул тууралуу РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров “Вести” маалымат агенттигиндеги маегинде билдирди. Анын айтымында, орус тарап АКШнын Мамлекеттик департаментинен, анын ичинде чалгындоо маалыматтарын берүү маселеси боюнча да
Жаңылыктар түрмөгү
0