https://sputnik.kg/20260814/1102994294.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн күндүз өлкөдө жарыктын кыска убакытка өчүп-күйүшүнө коңшу Казакстандагы мүчүлүштүк себеп болду. Бул тууралуу энергетиктер билдиришти. Маалыматка... 14.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-14T19:00+0600
2026-08-14T19:00+0600
2026-08-14T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0e/1102994128_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_c2c4adec042eb00f21758b6027ce00fe.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн күндүз өлкөдө жарыктын кыска убакытка өчүп-күйүшүнө коңшу Казакстандагы мүчүлүштүк себеп болду. Бул тууралуу энергетиктер билдиришти. Маалыматка караганда, саат 15:34тө Казакстандын түндүгү менен түштүгүн кошкон негизги чоң линияда өчүрүү болгон. Анын айынан Борбор Азиянын жалпы энергетикалык шакекчеси үзүлүп, Кыргызстандын электр системасы убактылуу башкалардан бөлүнүп, өз алдынча иштөөгө аргасыз болгон. Жабдуулар күйүп же бузулуп кетпеши үчүн автоматтык коргоо системасы дароо иштеп кеткен. Энергетиктер кырдаал толук көзөмөлдө экенин жана баарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын айтышты. Азыр өлкөдө жарыксыз калган жер жок, электр энергиясы толук берилүүдө.
2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4%га өскөн.ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүү 3 млрд долларды түзүп, 0,1%га азайган. Мында экспорт 5,3%га кыскарса, импорт 1,1%га өскөн.ЕАЭБ ичиндеги сооданын эң чоң үлүшү Россияга — 67,1%, Казакстанга — 30,6% туура келген.
2026-жылдын январь-июль айларында керектөө баалары жана тарифтер 2025-жылдын декабрына салыштырмалуу 6,7%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 5,9%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 7,1%га, азык-түлүк эмес товарлар 5,1%га кымбаттаган. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 10,1%га жогорулаган.Баалар бардык аймактарда өскөн. Эң жогорку көрсөткүч Ош облусунда катталып, 14,9%ды түздү.
Порт логистикасындагы көйгөйдөн улам Украинанын айыл чарба тармагы чоң жоготууга учуроо алдында турат. Бул тууралуу Reuters жазды. Макалада быйыл түшүм жакшы болгонуна карабастан фермерлер продукциясын сата албай турганы айтылат. Мындай жагдай кийинки жылы айдап-себүү иштерине чоң кедергисин тийгизет. Украин фермеринин бири абалды өтө начар деп баалаган. Басылманын маалыматы боюнча, украин өкмөтү бүгүнкү күндө абалды жөнгө салууга дараметсиз, ал эми буга чейин айтылып жасала турган аракеттер маселени чече албайт. "Айыл чарбасы Украинанын экспорттон түшкөн кирешесинин 60 пайызын түзөт, блокада ансыз да араң турган экономикага кошумча күч келтирет", — деп айтылат макалада. Өлкөнүн агрардык саясат боюнча министри Тарас Высоцкий 23-июлда кемелер украин портторуна кирбей калганын, кыймыл кеме ээлеринин чечими менен токтогонун билдирген. Августтун башында өлкөнүн Эл аралык экспедиторлор ассоциациясы Кара деңиздеги порттордун бөгөттөлүшүнөн улам украин-поляк чек арасында транспорттук коллапс жаралганын кабарлаган болчу. Польшага чыгуу үчүн кезектеги 6,5 миңдей жүк ташуучу унаа жети суткадан бери турганы айтылган.
ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 05 тыйынга юань 12 сом 97 тыйынга рубль 1 сом 5 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар
МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 86 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.
АБА ЫРАЙЫ15-августка караган түнү Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында жана күндүз республиканын айрым жерлеринде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Ишембиде өлкөнүн Талас облусунан башка дубандарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Таласта +31...+36, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын регионунда +24...+29 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35...+37, Ош шаарында +36...+38 болот. Чолпон-Атада мезгил мезгиле менен өткүн өтөт, аба ырайы +24...+26 градусту көрсөтөт.
Бүгүн күндүз өлкөдө жарыктын кыска убакытка өчүп-күйүшүнө коңшу Казакстандагы мүчүлүштүк себеп болду. Бул тууралуу энергетиктер билдиришти. Маалыматка караганда, саат 15:34тө Казакстандын түндүгү менен түштүгүн кошкон негизги чоң линияда өчүрүү болгон. Анын айынан Борбор Азиянын жалпы энергетикалык шакекчеси үзүлүп, Кыргызстандын электр системасы убактылуу башкалардан бөлүнүп, өз алдынча иштөөгө аргасыз болгон. Жабдуулар күйүп же бузулуп кетпеши үчүн автоматтык коргоо системасы дароо иштеп кеткен. Энергетиктер кырдаал толук көзөмөлдө экенин жана баарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатканын айтышты. Азыр өлкөдө жарыксыз калган жер жок, электр энергиясы толук берилүүдө.2026-жылдын январь-июнь айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү 7,9 млрд долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Көрсөткүч 2025-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,4%га өскөн.ЕАЭБ өлкөлөрү менен өз ара соода жүгүртүү 3 млрд долларды түзүп, 0,1%га азайган. Мында экспорт 5,3%га кыскарса, импорт 1,1%га өскөн.ЕАЭБ ичиндеги сооданын эң чоң үлүшү Россияга — 67,1%, Казакстанга — 30,6% туура келген.2026-жылдын январь-июль айларында керектөө баалары жана тарифтер 2025-жылдын декабрына салыштырмалуу 6,7%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Маалыматка караганда, тамак-аш азыктары жана алкоголсуз суусундуктар 5,9%га, алкоголдук ичимдиктер жана тамеки 7,1%га, азык-түлүк эмес товарлар 5,1%га кымбаттаган. Кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 10,1%га жогорулаган.Баалар бардык аймактарда өскөн. Эң жогорку көрсөткүч Ош облусунда катталып, 14,9%ды түздү.Порт логистикасындагы көйгөйдөн улам Украинанын айыл чарба тармагы чоң жоготууга учуроо алдында турат. Бул тууралуу Reuters жазды. Макалада быйыл түшүм жакшы болгонуна карабастан фермерлер продукциясын сата албай турганы айтылат. Мындай жагдай кийинки жылы айдап-себүү иштерине чоң кедергисин тийгизет. Украин фермеринин бири абалды өтө начар деп баалаган. Басылманын маалыматы боюнча, украин өкмөтү бүгүнкү күндө абалды жөнгө салууга дараметсиз, ал эми буга чейин айтылып жасала турган аракеттер маселени чече албайт. "Айыл чарбасы Украинанын экспорттон түшкөн кирешесинин 60 пайызын түзөт, блокада ансыз да араң турган экономикага кошумча күч келтирет", — деп айтылат макалада. Өлкөнүн агрардык саясат боюнча министри Тарас Высоцкий 23-июлда кемелер украин портторуна кирбей калганын, кыймыл кеме ээлеринин чечими менен токтогонун билдирген. Августтун башында өлкөнүн Эл аралык экспедиторлор ассоциациясы Кара деңиздеги порттордун бөгөттөлүшүнөн улам украин-поляк чек арасында транспорттук коллапс жаралганын кабарлаган болчу. Польшага чыгуу үчүн кезектеги 6,5 миңдей жүк ташуучу унаа жети суткадан бери турганы айтылган. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР: Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 101 сом 05 тыйынга юань 12 сом 97 тыйынга рубль 1 сом 5 тыйынга Казак тенгеси 19 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензиндин литри 86 сом 90 тыйындан баштап сатылууда. АИ 95 улгусундогу май 109 сом 90 тыйындан, Дизель майы литрине 99 сом 90 тыйынга бааланса, унаа газынын литри 48 сом 80 тыйындын тегерегинде сатылууда.АБА ЫРАЙЫ15-августка караган түнү Ысык-Көл акваториясынын батыш тарабында жана күндүз республиканын айрым жерлеринде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетиши күтүлөт. Ишембиде өлкөнүн Талас облусунан башка дубандарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын жаабайт. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология билдирди. Жалпысынан алганда абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +33...+38, Таласта +31...+36, Ысык-Көл облусунда +23...+28, Нарын регионунда +24...+29 градуска жетет. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +35...+37, Ош шаарында +36...+38 болот. Чолпон-Атада мезгил мезгиле менен өткүн өтөт, аба ырайы +24...+26 градусту көрсөтөт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0e/1102994128_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_ac3e1e0622935f6877616b9e20ce4459.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио