00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Город для машин или для людей: урбанист - о выделенных полосах, велоинфраструктуре и праве на город
08:04
48 мин
Эхо дня
23 сентября 1939 года: в Нью-Йорке заложили капсулу времени с посланием для людей 6939 года
08:53
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
“Айтил” ЖИ платформасына кыргызча текст редактору кызматы кошулат
09:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Землетрясения, сели, оползни: чем сотрудничество с ШОС важно для Кыргызстана?
10:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Бишкек шаардык соту "75чилердин катына" кол койгон 75 адамдын баарын суракка алат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун адвокаты Латыпбек Нуралимов журналисттерге билдирди. Анын айтымында, айыпталуучулар сотко өтүнүч келтирип, кайрылууга кол койгон 75 адамдын ичинен бешөө гана жоопкерчиликке тартылып жатканына нааразычылыгын билдиришкен. "Калган 70 адам да так ошондой позицияны карманып, кол койгон. Эмне үчүн алардын аракетине укуктук баа берилген эмес? Сот өтүнүчтү негиздүү деп таап, кийинки отурумдарда катка кол койгон адамдардын баары чакырыларын айтты", — деди Нуралимов. Ал эми айыпталуучулардын бири Курсан Асановдун жактоочусу Чынара Жакупбекова жараянды ачык өткөрүү өтүнүчүн келтиргенин, сот аны четке какканын билдирди. Жактоочунун журналисттерге айтканына караганда, отурумду ачык өткөрүүгө Курсан Асанов менен Курманбек Дыйканбаевден башка айыпталуучулар каршы болушкан.
Корумду чокусунан жоголгон альпинисттерди издөөгө тартылган тик учак коюу тумандан улам 5 500 метрден жогору көтөрүлө алган жок. Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов билдирди. Анын айтымында, болжолдуу издөө аймагы экинчи жана үчүнчү лагерлердин ортосунда жайгашкан. Дрон аба ырайы ачылган сайын учурулуп, 5 730 метрге чейин жеткен, бирок булуттан улам эч нерсе көрүнгөн эмес. Ал эми буга чейин табылган жиптер дайынсыз болгон топко тиешеси жок экени аныкталды.
Жакынкы убакта Бишкектин дагы үч көчөсүндө автобустар үчүн өзүнчө тилке ачылат. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Тилкелер Ж. Абдрахманов/Байтик баатыр көчөсүнүн Токомбаевден Жумабек көчөсүнө чейинки бөлүгүндө; Чүй проспектинин Лермонтов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө; Курманжан датка/7-Апрель көчөсүнүн Анкарадан Жибек Жолу проспектине чейинки бөлүгүндө жайгашат. "Азия өнүктүрүү банкынын" колдоосу менен Киев көчөсүндө автобустар үчүн өзүнчө тилкелер, ошондой эле веложолдор жана тротуарлар да салынат", — деди калаа бийлиги. Курулуш жер алдындагы коммуникациялар толугу менен алмаштырылгандан кийин гана башталат. Жумуштарды быйыл баштоо пландалууда, ал эми "Азия өнүктүрүү банкы" менен биргелешкен долбоор 2028-жылга чейин эсептелген.
АКШ Patriot зениттик-ракеталык комплекстерине ылайык келген ракеталарынын беш пайызын берсе гана Украина кыштан аман-эсен чыгат. Бул тууралуу Владимир Зеленский CNN телеканалына курган маегинде билдирди. “Мен ракеталарга бир нерсени алмашууга аракет кылып жатам”, — деп мойнуна алды Киев режиминин башчысы. Буга чейин Financial Times гезити булактарга таянып, АКШнын президенти Дональд Трамп Зеленскийге Patriot системалары үчүн кошумча ок-дарыларды берүүдөн баш тартканын кабарлаган. Ал АКШ Жакынкы Чыгыштагы согуштук аракеттерде бул ракеталар абдан көп коротулуп жаткандыктан жетишсиз болуп жатканы менен түшүндүргөн. Reuters агенттиги кечээ Вашингтон менен Киев Трамп мындай макулдашуунун болорунан күмөн санаса дагы Украинага Patriot ракеталарын өндүрүүгө лицензия берүү маселесин талкуулоону улантып жатканын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0