https://sputnik.kg/20260814/1102982215.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Өлкө башчы өнөктүктө бардыгына жол ачык болорун белгилеген . “Бардыгына жол ачык... 14.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-14T11:00+0600
2026-08-14T11:00+0600
2026-08-14T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0e/1102982048_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_bca5bb8b1c10a5d5d57f27f1d9e70ebe.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Өлкө башчы өнөктүктө бардыгына жол ачык болорун белгилеген . “Бардыгына жол ачык. Ким барам десе бара берсин. Орусча айтканда, “флаг в руки”. Эч кимди чектебейбиз, бут тоспойбуз”, — деген ал журналист Али Токтакуновго берген маегинде. Эскерте кетсек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Садыр Жапаров 6-августта салык салуу жана салыктык эмес кирешелер боюнча өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзамга кол койду. Экономика министрлигинин Салыктык чараларды талдоо жана баалоо секторунун башкы адиси Махмуд Жарашбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна документтеги негизги учурларды түшүндүрдү. Негизги өзгөртүүлөр:Коомдук тамактануу жайлары. Бишкек, Ош шаарларында бирдиктүү салыктын ставкасы төлөмдүн формасына карабастан 5%, башка аймактарда 3% болду. Сауна жана мончолордо 8%дан 5ке төмөндөтүлдү. Текшерүүдөн кийин кошумча эсептелген салыктарды, туум жана санкцияларды өз ыктыяры менен төлөө мөөнөтү 90 күнгө чейин узартылды. Жеңилдик текшерүүнүн жыйынтыгына даттанбаган салык төлөөчүлөргө берилет. 2026-жылдын 1-январына чейин эсептелген туум жана салыктык санкциялар негизги карыз 2026-жылдын 31-декабрына чейин толук төлөнсө эсептен чыгарылат. QR-код, мобилдик тиркеме, электрондук капчык жана башка төлөө каражаттары аркылуу жүргүзүлгөн операциялар накталай эмес төлөм катары таанылат.
ЕАЭБ өлкөлөрү агроөнөр жай комплексинде биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууну күчөтөт. Бул маселе Алматыда өткөн жыйында талкууланды. Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын карашты. Жыйында агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда каржылык колдоо көрсөтүү боюнча жобонун долбоору талкууланды. Тараптар конкреттүү кооперациялык долбоорлорду түзүү иштерин тездетүүнү макулдашты. Барсегяндын айтымында, эми ЕАЭБ өлкөлөрү айыл чарбасындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодон конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өтүшү керек. Бул өндүрүштүк, технологиялык жана каржылык ресурстарды бириктирүүгө, кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүгө жана агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Порт логистикасындагы көйгөйдөн улам Украинанын айыл чарба тармагы чоң жоготууга учуроо алдында турат. Бул тууралуу Reuters жазды. Макалада быйыл түшүм жакшы болгонуна карабастан фермерлер продукциясын сата албай турганы айтылат. Мындай жагдай кийинки жылы айдап-себүү иштерине чоң кедергисин тийгизет. Украин фермеринин бири абалды өтө начар деп баалаган. Басылманын маалыматы боюнча, украин өкмөтү бүгүнкү күндө абалды жөнгө салууга дараметсиз, ал эми буга чейин айтылып жасала турган аракеттер маселени чече албайт. "Айыл чарбасы Украинанын экспорттон түшкөн кирешесинин 60 пайызын түзөт, блокада ансыз да араң турган экономикага кошумча күч келтирет", — деп айтылат макалада. Өлкөнүн агрардык саясат боюнча министри Тарас Высоцкий 23-июлда кемелер украин портторуна кирбей калганын, кыймыл кеме ээлеринин чечими менен токтогонун билдирген.
Президент Садыр Жапаров алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Өлкө башчы өнөктүктө бардыгына жол ачык болорун белгилеген . “Бардыгына жол ачык. Ким барам десе бара берсин. Орусча айтканда, “флаг в руки”. Эч кимди чектебейбиз, бут тоспойбуз”, — деген ал журналист Али Токтакуновго берген маегинде. Эскерте кетсек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.Садыр Жапаров 6-августта салык салуу жана салыктык эмес кирешелер боюнча өзгөртүүлөрдү камтыган мыйзамга кол койду. Экономика министрлигинин Салыктык чараларды талдоо жана баалоо секторунун башкы адиси Махмуд Жарашбаев Sputnik Кыргызстан радиосуна документтеги негизги учурларды түшүндүрдү. Негизги өзгөртүүлөр:Коомдук тамактануу жайлары. Бишкек, Ош шаарларында бирдиктүү салыктын ставкасы төлөмдүн формасына карабастан 5%, башка аймактарда 3% болду. Сауна жана мончолордо 8%дан 5ке төмөндөтүлдү. Текшерүүдөн кийин кошумча эсептелген салыктарды, туум жана санкцияларды өз ыктыяры менен төлөө мөөнөтү 90 күнгө чейин узартылды. Жеңилдик текшерүүнүн жыйынтыгына даттанбаган салык төлөөчүлөргө берилет. 2026-жылдын 1-январына чейин эсептелген туум жана салыктык санкциялар негизги карыз 2026-жылдын 31-декабрына чейин толук төлөнсө эсептен чыгарылат. QR-код, мобилдик тиркеме, электрондук капчык жана башка төлөө каражаттары аркылуу жүргүзүлгөн операциялар накталай эмес төлөм катары таанылат. ЕАЭБ өлкөлөрү агроөнөр жай комплексинде биргелешкен кооперациялык долбоорлорду ишке ашырууну күчөтөт. Бул маселе Алматыда өткөн жыйында талкууланды. Евразия экономикалык комиссиясынын өнөр жай жана агроөнөр жай комплекси боюнча министри Гоар Барсегян жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тиешелүү мамлекеттик органдарынын жетекчилери айыл чарба тармагын өнүктүрүүнүн келечектүү багыттарын карашты. Жыйында агроөнөр жай комплексиндеги биргелешкен долбоорлорду тандоо жана аларды ишке ашырууда каржылык колдоо көрсөтүү боюнча жобонун долбоору талкууланды. Тараптар конкреттүү кооперациялык долбоорлорду түзүү иштерин тездетүүнү макулдашты. Барсегяндын айтымында, эми ЕАЭБ өлкөлөрү айыл чарбасындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоодон конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өтүшү керек. Бул өндүрүштүк, технологиялык жана каржылык ресурстарды бириктирүүгө, кооперациялык байланыштарды өнүктүрүүгө жана агроөнөр жай комплексинин атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берет.Порт логистикасындагы көйгөйдөн улам Украинанын айыл чарба тармагы чоң жоготууга учуроо алдында турат. Бул тууралуу Reuters жазды. Макалада быйыл түшүм жакшы болгонуна карабастан фермерлер продукциясын сата албай турганы айтылат. Мындай жагдай кийинки жылы айдап-себүү иштерине чоң кедергисин тийгизет. Украин фермеринин бири абалды өтө начар деп баалаган. Басылманын маалыматы боюнча, украин өкмөтү бүгүнкү күндө абалды жөнгө салууга дараметсиз, ал эми буга чейин айтылып жасала турган аракеттер маселени чече албайт. "Айыл чарбасы Украинанын экспорттон түшкөн кирешесинин 60 пайызын түзөт, блокада ансыз да араң турган экономикага кошумча күч келтирет", — деп айтылат макалада. Өлкөнүн агрардык саясат боюнча министри Тарас Высоцкий 23-июлда кемелер украин портторуна кирбей калганын, кыймыл кеме ээлеринин чечими менен токтогонун билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0e/1102982048_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_50e671f95948fd2705b55fb48372f98c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио