https://sputnik.kg/20260813/1102965332.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура “Кыргыз фармация” мамлекеттик ишканасы тарабынан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууда 138 миллион сомго жакын мыйзам... 13.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-13T13:00+0600
2026-08-13T13:00+0600
2026-08-13T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0d/1102965166_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_aadba712a7ef976b608bcca1410e2a0b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура “Кыргыз фармация” мамлекеттик ишканасы тарабынан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууда 138 миллион сомго жакын мыйзам бузууларды аныктады. Такталгандай, 2024-2026-жылдары айрым сатып алуулар медициналык мекемелердин чыныгы муктаждыгы эске алынбай ишке ашырылган. “Натыйжада жалпы баасы 74,1 миллион сомдук 60 аталыштагы дары-дармектин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен. Мындан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарынын тиешелүү өтүнүчтөрү жок эле медициналык буюмдардын ири партиясы сатып алынып, 63,8 миллион сомдон ашык суммадагы продукция жараксыз болуп калган”, — деп билдирди Башкы прокуратура. Бул факт боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Атайылап пайдасыз келишим түзүү” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.
Бишкекте көмүр сатуу 12-августтан башталды. «Кыргызкөмүр» ишканасынын маалыматына ылайык, Кара-Кече кенинен алынган көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сомдон ашпайт.Бул баа Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашылып бекитилген. Анын ичине көмүрдү казып алуу, Кара-Кечеден жеткирүү, көмүр базаларынын чыгымдары, коммуналдык кызматтар жана кызматкерлердин эмгек акысы кирет.Чүй облусунда баа жеткирүү аралыгына жараша айырмаланат. Токмокто бир тонна көмүр 6 700 сом, ал эми Кара-Балтада 6 900–7 000 сомдун тегерегинде сатылат.Мындан тышкары, Миң-Куштагы Ак-Улак көмүр кенинде даярдоо иштери жүрүп жатат. Жакын арада ал жактан да көмүр ташылып келери күтүлүүдө.
Кыргызстанда сентябрдан баштап BARS улуттук бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, ишкана чыгарган товарлар ички рынокко сатылат жана Борбордук Азия, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоолот. Завод жылына 10 миңге чейин автоунаа чыгарат деп пландалууда. Ал Чүйдө 15 гектар жер тилкесине салынып, 100 адам жумуш менен камсыздалат. Ушул тапта долбоорду ишке киргизүү боюнча 75 пайыз иштер аяктаган.
Корумду чокусунан жоголгон альпинисттерди издөөгө тартылган тик учак коюу тумандан улам 5 500 метрден жогору көтөрүлө алган жок Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов билдирди. Анын айтымында, болжолдуу издөө аймагы экинчи жана үчүнчү лагерлердин ортосунда жайгашкан. Дрон аба ырайы ачылган сайын учурулуп, 5 730 метрге чейин жеткен, бирок булуттан улам эч нерсе көрүнгөн эмес. Ал эми буга чейин табылган жиптер дайынсыз болгон топко тиешеси жок экени аныкталды.
Украин куралдуу күчтөрүнүн Азов жана Кара деңиздериндеги кемелерге сокку уруусу — дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда башаламандыкты тутандыруу боюнча аскердик өнөктүк. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Жай мезгили бою киевдик режим НАТО жана ЕБ өлкөлүрүнөн алган учкучсуз аппараттарды жана чалгынчылык боюнча маалыматтарды колдонуп, Азов-Кара деңиз аймагындагы жээкке жакын транспорттук-логистикалык инфраструктурага, жарандык кемелерге чабуулдарын күчөтүп келди. Мунун кесепетинен тышкы соода келишимдеринин алкагында ташылган маанилүү айыл чарба жүктөрү, анын ичинде күн карама майлары да соккуга кабылды. Захарованын айтымында, абалды Батыш өлкөлөрүнүн Россияга карата киргизген бир тараптуу каржылык, экономикалык жана энергетикалык чектөөлөрү дагы курчутууда.
Башкы прокуратура “Кыргыз фармация” мамлекеттик ишканасы тарабынан дары-дармектерди жана медициналык буюмдарды сатып алууда 138 миллион сомго жакын мыйзам бузууларды аныктады. Такталгандай, 2024-2026-жылдары айрым сатып алуулар медициналык мекемелердин чыныгы муктаждыгы эске алынбай ишке ашырылган. “Натыйжада жалпы баасы 74,1 миллион сомдук 60 аталыштагы дары-дармектин жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен. Мындан тышкары, саламаттык сактоо уюмдарынын тиешелүү өтүнүчтөрү жок эле медициналык буюмдардын ири партиясы сатып алынып, 63,8 миллион сомдон ашык суммадагы продукция жараксыз болуп калган”, — деп билдирди Башкы прокуратура. Бул факт боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “Атайылап пайдасыз келишим түзүү” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.Бишкекте көмүр сатуу 12-августтан башталды. «Кыргызкөмүр» ишканасынын маалыматына ылайык, Кара-Кече кенинен алынган көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7 миң сомдон ашпайт.Бул баа Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен макулдашылып бекитилген. Анын ичине көмүрдү казып алуу, Кара-Кечеден жеткирүү, көмүр базаларынын чыгымдары, коммуналдык кызматтар жана кызматкерлердин эмгек акысы кирет.Чүй облусунда баа жеткирүү аралыгына жараша айырмаланат. Токмокто бир тонна көмүр 6 700 сом, ал эми Кара-Балтада 6 900–7 000 сомдун тегерегинде сатылат.Мындан тышкары, Миң-Куштагы Ак-Улак көмүр кенинде даярдоо иштери жүрүп жатат. Жакын арада ал жактан да көмүр ташылып келери күтүлүүдө.Кыргызстанда сентябрдан баштап BARS улуттук бренди менен электромобилдер чыгарыла баштайт Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, ишкана чыгарган товарлар ички рынокко сатылат жана Борбордук Азия, Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерге экспорттоолот. Завод жылына 10 миңге чейин автоунаа чыгарат деп пландалууда. Ал Чүйдө 15 гектар жер тилкесине салынып, 100 адам жумуш менен камсыздалат. Ушул тапта долбоорду ишке киргизүү боюнча 75 пайыз иштер аяктаган. Корумду чокусунан жоголгон альпинисттерди издөөгө тартылган тик учак коюу тумандан улам 5 500 метрден жогору көтөрүлө алган жок Бул тууралуу издөө-куткаруу тобунун мүчөсү Александр Смирнов билдирди. Анын айтымында, болжолдуу издөө аймагы экинчи жана үчүнчү лагерлердин ортосунда жайгашкан. Дрон аба ырайы ачылган сайын учурулуп, 5 730 метрге чейин жеткен, бирок булуттан улам эч нерсе көрүнгөн эмес. Ал эми буга чейин табылган жиптер дайынсыз болгон топко тиешеси жок экени аныкталды.Украин куралдуу күчтөрүнүн Азов жана Кара деңиздериндеги кемелерге сокку уруусу — дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда башаламандыкты тутандыруу боюнча аскердик өнөктүк. Бул тууралуу РФ Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Жай мезгили бою киевдик режим НАТО жана ЕБ өлкөлүрүнөн алган учкучсуз аппараттарды жана чалгынчылык боюнча маалыматтарды колдонуп, Азов-Кара деңиз аймагындагы жээкке жакын транспорттук-логистикалык инфраструктурага, жарандык кемелерге чабуулдарын күчөтүп келди. Мунун кесепетинен тышкы соода келишимдеринин алкагында ташылган маанилүү айыл чарба жүктөрү, анын ичинде күн карама майлары да соккуга кабылды. Захарованын айтымында, абалды Батыш өлкөлөрүнүн Россияга карата киргизген бир тараптуу каржылык, экономикалык жана энергетикалык чектөөлөрү дагы курчутууда.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0d/1102965166_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_8885fabe8b1c6c2d7f63da4db5711f87.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио