https://sputnik.kg/20260813/1102961217.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттин администрациясында бизнес-ассоциациялардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өттү. Жолугушууну президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын... 13.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-13T11:00+0600
2026-08-13T11:00+0600
2026-08-13T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0d/1102961051_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_2f5e000d95d6aa8d8d5890ac990b4975.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президенттин администрациясында бизнес-ассоциациялардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өттү. Жолугушууну президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев өткөрдү. Анын жүрүшүндө мамлекет менен бизнес-коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы конструктивдүү диалогду бекемдөөнүн мындан аркы жолдору талкууланды. Бакыт Төрөбаев ишкерлердин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ишкердик активдүүлүктү жогорулатууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого кошкон олуттуу салымын белгиледи. Буга байланыштуу келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү гана эмес, ишкердикти өнүктүрүүгө тоскоол болгон системалык көйгөйлөрдү жоюу зарылчылыгы белгиленди. Бизнес-ассоциациялардын жетекчилери мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти, актуалдуу маселелерди белгилеп, кызматташуу механизмдерин мындан ары өнүктүрүү боюнча көз караштары менен бөлүштү.
УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокуратура эмне үчүн өкүмгө даттанып, эмнени талап кылып жатканын айтып берди. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда бийликти басып алууга даярдык көрүү боюнча кылмыш ишинин апелляциялык арызы боюнча процесс уланып жатат. “Актоо (“Ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”) өкүмүн прокуратура жокко чыгарып, жаза чектөөнү суранууда. Мындан тышкары, 326-берене боюнча да өкүмдү өтө жеңил деп эсептеп, жазаны катаалдаштырууну талап кылууда. Мен жактаган адамдын позициясы: биз күнөөсүзбүз жана актоо өкүмүн талап кылабыз”, — деди Айткулов соттун алдында журналисттерге. Буга чейин прокуратура “75чилердин каты” ишинин фигуранттарын тогуз жылдан эркинен ажыратууну сураган эле.
Кыргызстан электромобилдерди чыгаруучу завод ачууга даярданууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Аталган өндүрүш Чүй облусунда 15 гектар жер тилкесине жайгаштырылып, алгачкы этапта унаалар ири түйүндүү чогултуу ыкмасы менен чыгарылат. Кийинчерээк майда түйүндүү чогултууга жана толук өндүрүш циклине өтүп, тетиктерди өзүбүздө өндүрүү каралган. Завод жылына 10 миңге чейин автоунаа чыгарууну пландоодо жана алгачкы тапта 100 адам жумуш менен камсыздалат. Министрликтин маалыматына ылайык, ишкана чыгарган товарлар ички рынокко сатылат жана Борбордук Азия, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорттолот. Учурда долбоорду ишке киргизүү боюнча 75 пайыз иштер аяктаган. Ишкана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ишке кирет деп күтүлүүдө.
РФ президенти Владимир Путин чыгыш чек аралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешмеде аскерлердин башкы милдети өлкөнүн бардык чектерин коргоо экенин айтты. Өлкө башчы Сахалинге иш сапары менен барган. Анын алкагында ал Тынч океан флотунун командачысы жана анын кол алдындагылар менен баарлашкан. “Аймак жөнөкөй эмес. Командачы аймактагы кырдаалга баа берди, мен буга толугу менен макулмун. Алдыбызга койгон жалпы милдеттерди натыйжалуу чечүү үчүн сизге жана кол алдыңыздагыларга шарт түзүү максатында дагы эмне кылуу керек экендиги боюнча сунуштарыңызды уккум келет”, — деди президент жолугушуунун катышуучуларына.
Президенттин администрациясында бизнес-ассоциациялардын жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өттү. Жолугушууну президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев өткөрдү. Анын жүрүшүндө мамлекет менен бизнес-коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери, ошондой эле мамлекеттик органдар менен ишкерлердин ортосундагы конструктивдүү диалогду бекемдөөнүн мындан аркы жолдору талкууланды. Бакыт Төрөбаев ишкерлердин өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө, ишкердик активдүүлүктү жогорулатууга жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыздоого кошкон олуттуу салымын белгиледи. Буга байланыштуу келип чыккан маселелерди ыкчам чечүү гана эмес, ишкердикти өнүктүрүүгө тоскоол болгон системалык көйгөйлөрдү жоюу зарылчылыгы белгиленди. Бизнес-ассоциациялардын жетекчилери мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүнү жакшыртуу боюнча сунуштарын беришти, актуалдуу маселелерди белгилеп, кызматташуу механизмдерин мындан ары өнүктүрүү боюнча көз караштары менен бөлүштү. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокуратура эмне үчүн өкүмгө даттанып, эмнени талап кылып жатканын айтып берди. Бүгүн Бишкек шаардык сотунда бийликти басып алууга даярдык көрүү боюнча кылмыш ишинин апелляциялык арызы боюнча процесс уланып жатат. “Актоо (“Ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу”) өкүмүн прокуратура жокко чыгарып, жаза чектөөнү суранууда. Мындан тышкары, 326-берене боюнча да өкүмдү өтө жеңил деп эсептеп, жазаны катаалдаштырууну талап кылууда. Мен жактаган адамдын позициясы: биз күнөөсүзбүз жана актоо өкүмүн талап кылабыз”, — деди Айткулов соттун алдында журналисттерге. Буга чейин прокуратура “75чилердин каты” ишинин фигуранттарын тогуз жылдан эркинен ажыратууну сураган эле.Кыргызстан электромобилдерди чыгаруучу завод ачууга даярданууда. Бул тууралуу Экономика министрлигинен билдиришти. Аталган өндүрүш Чүй облусунда 15 гектар жер тилкесине жайгаштырылып, алгачкы этапта унаалар ири түйүндүү чогултуу ыкмасы менен чыгарылат. Кийинчерээк майда түйүндүү чогултууга жана толук өндүрүш циклине өтүп, тетиктерди өзүбүздө өндүрүү каралган. Завод жылына 10 миңге чейин автоунаа чыгарууну пландоодо жана алгачкы тапта 100 адам жумуш менен камсыздалат. Министрликтин маалыматына ылайык, ишкана чыгарган товарлар ички рынокко сатылат жана Борбордук Азия, Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерге экспорттолот. Учурда долбоорду ишке киргизүү боюнча 75 пайыз иштер аяктаган. Ишкана үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында ишке кирет деп күтүлүүдө. РФ президенти Владимир Путин чыгыш чек аралардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңешмеде аскерлердин башкы милдети өлкөнүн бардык чектерин коргоо экенин айтты. Өлкө башчы Сахалинге иш сапары менен барган. Анын алкагында ал Тынч океан флотунун командачысы жана анын кол алдындагылар менен баарлашкан. “Аймак жөнөкөй эмес. Командачы аймактагы кырдаалга баа берди, мен буга толугу менен макулмун. Алдыбызга койгон жалпы милдеттерди натыйжалуу чечүү үчүн сизге жана кол алдыңыздагыларга шарт түзүү максатында дагы эмне кылуу керек экендиги боюнча сунуштарыңызды уккум келет”, — деди президент жолугушуунун катышуучуларына.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/0d/1102961051_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_d72457b13298a3c8a659c30033301c64.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио