Ал эми Кыргызстанда бул жаатта абал кандай? Оорунун кайсы түрү өлкөдө кенен жайылган жана аталган дартка кабылган адамдын айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү канча? Суроолорго жооп алуу үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги Улуттук фтизиатрия борборунун жетекчиси Абдулат Кадыровду студияга чакырып, маектешти.
— Кургак учук жугуштуу оору болгондуктан көрсөткүчтөр бизде деле тез-тез өзгөрүп турса керек. Учурда Кыргызстанда жылдагыга салыштырмалуу кургак учукка кабылгандардын саны туурасында айтып берсеңиз?
— Бул илдетти көбүнчө жакырлардын оорусу деп да айтып калышат, оорунун келип чыгуусуна эмне себеп болот?
— Кургак учук оорусу менен оорубайм деп өзүнө эч ким 100 пайыз кепилдик бере албайт. Анткени бул дарт аба аркылуу жугат. Оорунун көбөйүшүнүн бирден-бир себеби — ички, тышкы миграциянын өсүшү, элдин экономикалык абалы. Мисалы, азыр көпчүлүк айыл жериндегилер жумуш издеп калаага келип. же Россия, Казакстанга жөнөп жатышат. Каражат топтойбуз деп эптеп-септеп тамактанып, иммунитети түшүп кетет. Ал эми иммундук системасы начар адамга оору дароо эле жармашат. Ошондой эле чет жактарда иштеп жүргөндөр бир бөлмөгө 15-20 адам жашап, иштегендери бар экен. Алардын арасында ооругандар бар, соосу бар. Кайра алар мекенге келет. Кургак учук менен бир гана жакыр үй-бүлө мүчөлөрү эмес байлардын балдары деле ооруп калган учурлар кездешет. Анткени алар да коомдук жайда жүрүшөт.
— Оорунун алдын алуу жолдору кандай болот?
— Дартты алдын алуу үчүн эң негизгиси адам жакшы, туура тамактанып иммунитети дайыма жогору болуусу кажет. Жогоруда айтып кеткендей иммундук системасы түшүп кеткен адамга бул дарт оңой жугат. Сергек жашоо образы да көп ооруну алдын алат. Баса белгилеп кетчү жагдай — кургак учук эч качан тукум куубайт. Ал аба аркылуу гана жуга турган оору. Ошондуктан үйлөрдү тез-тез желдетип, бөлмөгө күндүн нуру тийип турганы жакшы. Анткени кургак учуктун микробу ашыкча нымдуу, караңгы бөлмөдө көп жыл жашайт. Ал эми күндүн нуру аны тез эле өлтүрүп коет.
— Өлкө боюнча аталган дартка кайсы аймактардын жашоочулары көп чалдыгат?
— 2016-жылдагы маалымат боюнча кургак учукка эң көп кабылгандар Чүй облусунда. Андан кийин Бишкек шаары. Ал эми эң азы — Ысык-Көл менен Баткен облусунда. Чүй жана Бишкекте ооругандардын санынын көп болгондугун себеби ошол эле миграция.
— Оорулуулардын арасында кичинекей балдар да барбы?
— Билишибизче ооруну дарылоодо жаңы натыйжалуу формалар иштелип жатат. Алар Кыргызстанда иш жүзүнө ашып, жыйынтык көрсөтүп жатабы?
— Ооба, азыр мурдагы жылдарга салыштырмалуу кургак учукка кабылгандарды натыйжалуу дарылоону караган программалар иштелип жатат. Айрыкча, оорунун дарыга туруктуу формасын айыктыруу көйгөйлүү маселе болуп жаткандыктан бул жаатта ДСУ да кызуу иштеп жаткан учуру.
— Дарыга туруктуу форма деген кандай болот?
Азыр ДСУ 9-12 ай дарылоо планын иштеп чыгып, майнап бере турган дарыларды сунуштоодо. Бул дарылар бизге да алып келинип, буюрса тоннелдин ары жагынан жарык көрүнгөндөй сезим калтырып, ооругандарды таза айыктырып дарылайт экенбиз деген үмүт жарата баштады.
— 9-12 ай дарылануу деле оңой эмес, анын үстүнө дарылары абдан күчтүү деп жатасыз. Алар ооруган адамдын башка органдарына канчалык деңгээлде терс таасирин тийгизет?
— Жөнөкөй эле анальгин, аспирин, же жалпы алсак, башка дарыларды деле адамдын организми жактырбаса, терс таасирин тийгизет. Кургак учукка каршы дарылар да бизге келээрде атайын көзөмөлдөн өтөт. Ар бир дарыны оорулууга бергенден ага дары терс таасирин тийгизген жокпу, кайсы органдарды ооруп баштады деп сурап турабыз. Мисалы, кургак учукту дарылоодо канамицин антибиотигин көп пайдаланса, ал адамды дүлөй кылып коюусу мүмкүн. Ошондуктан ар бирин бергенден кийин терс таасирине карап, дыкат текшерип турууга туура келет.
— Жаңы чыгарылган дарылардан айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк болобу?
— ДСУ дүйнө жүзүнө бул дарыларды жайылтуудан мурда алгач өздөрү клиникалык текшерүүлөрдү өткөрүп, бир эле эмес, бир нече иликтөө жүргүзүшөт. Анан баары такталып, тастыкталгандан кийин башкаларга сунушташат. Азыр АКШ менен Кытайда кургак учуктун дарыга туруктуу формасын дарылоодо майнаптуу боло турган педоклин жана деломлин деген эки дары чыкты. Буюрса, биздин оорулууларга да бериле баштайт.
— Кургак учук боюнча дарылар бекер да?
— Ооругандардын тамактануу рациону кандай болушу кажет?
— Албетте, күчтүү дарыларды ичип жаткандан кийин тамактануу рациону да бай болуш зарыл. Канчалык жакшы тамактанса, ооруну жеңүүгө ошончо жакшы жардам берет. Майлуу тамак, жашылча-жемиш көп жеш керек. Тамакка чектөө болбойт. Дарыларды өз убагында ичип, туура тамактанса эле айыгып кетүү мүмкүнчүлүгү көп.
— Аталган дартка кабылган киши кайрадан оорушу мүмкүнбү?
— Эгер ал дарыгердин айтканын толук аткарып, тартипти сактабаса кайрадан ооруп калышы мүмкүн. Кээ бири үйгө чыккандан кийин "дарыгер айта берет" деп кол шилтеп ичпей коюп, кайра кан кусуп келгендер болот. Жакшылап тамактанууну улантып, иммунитети дайыма күчтүү болушу зарыл. Витаминдерди ичип, сергек жашоо образын сөзсүз карманышы керек. Негизи жашы өтүп калган адамдардын көбүндө 50-60 жаштагы адамдарды рентгенге салып текшергенде оорунун очогу болот. Колдон келсе бул илдет менен жакшылап күрөшүү керек. Күрөш дегенибиз — сергек образы, жакшы жана туура тамактануу, убагында уктоо.