55 жаштагы Баястан Курсанов бир нече жылдан бери муктаждарга кан берип донорлукту аркалап келет. Башкалардай болуп бети-башын катпай эле сүйлөп берип, кан берүүнү милдет жана сыймык деп эсептей турганын айтты.
"Муктаждарга кан берүү жеке адамдын ден соолугуна да пайдалуу. Кан тапшыргандан кийин өзүмдү сергек сезип калам. Бул жолу неберемдин кан басымы көтөрүлүп бейтапканага жатып калгандыктан кан берейин деп келдим" — деди.
Бирок каалоосу күч адам эле кан тапшыра бербейт. Республикалык кан борборунун жетекчисинин орун басары Айганыш Сатыбалдиеванын айтымында, кан берем дегендерди алгач паспорт же аскердик күбөлүк аркылуу каттап, буга чейин тапшырып жүргөндөрдү идентификациялашат. Кан берүүнүн алдында бир катар суроо менен анкета толтурушат. Анан жарандар убактылуу донор боло алат же таптакыр боло албайт деген жыйынтыкка келиш үчүн медициналык кароодон өткөрүшөт.
"Жаш курагы 18-60 жашка чейинки ден-соолугу таза жарандар донор боло алат. Алты ай ичинде кандайдыр бир ооруларга чалдыккан жокпу, эки күн ичинде ичимдик ичкен эмеспи, дары-дармек, майлуу тамак жеген жокпу, дене табы тууралуу суроолорго анкета толтурушат. Тишин жулдуруп келгендер, вакцина алгандар, кош бойлуулар, бала эмизгендер, ичип келгендердин канын албайбыз. Вирустук гепатит, сифилис, ВИЧ, бруцеллез, кургак учук менен ооруган жарандар таптакыр донор боло алышпайт", — деди Сатыбалдиева.
Медициналык кароодон өткөндөн кийин кандын курамын текшерип, компоненттерин даярдап, канга муктаж болгон жарандарга жиберишет. Жөн гана жиберип койбостон, ооруканаларда кандардын пайдаланылышын, куюу стандарттарын көзөмөлдөп турушат.
Канды кайрадан кеминде эки айдан кийин гана тапшыруу шарт. Анткени бул убакыт аралыгында бардык клеткалар өз калыбына келет. Алынган кандар атайын муздаткычтарда сакталат. Кызыл клеткалуу эритроциттер республикалык борбордо +2…+8 температурасында бир ай сакталса, тундурма плазмасы 6 айдан 3 жылга чейин кармалат. Тромбоцит 22 градус жылуулукта беш эле күн сакталат. Кандарды атайын термоконтейнер менен бейтапканаларга алып кетишет.
"Учурда кан тапшыруу борборунда канды 42 күнгө чейин сактай турчу консерванттар бар. Мурун 21 күн гана сакталчу. Кан тапшырам дегендер кооптонбой эле койсо болот. Себеби ар бир донорго колдонулуучу кан баштыктары, аспаптар бир ирет гана пайдаланылат", — деди Сатыбалдиева.
Кырсык каш-кабактын ортосунда болуп, канга муктаж болгондор күн-түн, жаз-күз дебей жардам күтүшөт. Дал ушул жай мезгили кан тапшыруу борборлору үчүн кандын жетишсиздигин пайда кылат. Адистер бул учурда активдүү донорлорду чакырып, көчмө топ менен чыгып, кандын запасын кармап туруу үчүн бир катар аракеттерди көрүшөт.
Республикалык борбордун директорунун орун басарынын айтымында, негизи кандын сегиз тобу бар.
"Биз анын төрт тобун гана айтып жүрөбүз. Ал кандар оң жана терс болуп экиге бөлүнөт. Бизде терс кандар сейрек кездешкендиктен дайыма топтоп турганга аракет кылабыз. Бир жаранга терс кан керек болгондо бир нече доза куюлуп кандын дефицити пайда болот. Бизде кандын дефицити орозо, каникул, эмгек өргүүсү маалында, жай мезгилинде курч болот", — деп түшүнүдүрүп берди Сатыбалдиева.
Статистика боюнча 2016-жылы 42 миң донор кан тапшырса, анын 22 миңин Республикалык кан борбору даярдаган. Калганы өлкөнүн башка аймактарынан тапшырылган. Кан донорлоруна анча чоң эмес өлчөмдө акча төлөнүп берилет.
Эл ичинде кан берген адам жаш көрүнөт, ден-соолугу чың болот деп айтылат. Медицинада кан жана кандын компоненттери улуттук байлыктын бир түрү катары каралат.