Ош: абышкасы кемпирин өлтүргөн айылда жашоочулар үч машина аракты жок кылышат

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүндө айылда сатылган арактын баары жок кылынат
Ош шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүндө айылда сатылган арактын баары жок кылынат - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан бир нече күн мурда 83 жаштагы абышка кемпири менен кер-мур айтыша кетип, бычак менен сайып жиберген. Маалыматта кырсык учурунда анын кызуу экени айтылган.

ОШ, 19-июл. — Sputnik. Ош шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүндө айылда сатылган арактын баары жок кылынат.

© Sputnik / Зульфия ТургуноваОш шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүндө айылда сатылган арактын баары жок кылынат
Ош шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүндө айылда сатылган арактын баары жок кылынат - Sputnik Кыргызстан
1/3
Ош шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүндө айылда сатылган арактын баары жок кылынат
© Sputnik / Зульфия ТургуноваМындан бир нече күн мурда кайгылуу окуя болгон. Ичип алды делген 83 жаштагы абышка кемпири менен кер-мур айтыша кетип, бычак менен сайып жиберген
Мындан бир нече күн мурда кайгылуу окуя болгон. Ичип алды делген 83 жаштагы абышка кемпири менен кер-мур айтыша кетип, бычак менен сайып жиберген - Sputnik Кыргызстан
2/3
Мындан бир нече күн мурда кайгылуу окуя болгон. Ичип алды делген 83 жаштагы абышка кемпири менен кер-мур айтыша кетип, бычак менен сайып жиберген
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАл окуядан кийин айылдагы аксакалдар, тартип коргоо жана муфтияттын өкүлдөрү чогулуп, ушундай чечимге келишкен.
Ал окуядан кийин айылдагы аксакалдар, тартип коргоо жана муфтияттын өкүлдөрү чогулуп, ушундай чечимге келишкен. - Sputnik Кыргызстан
3/3
Ал окуядан кийин айылдагы аксакалдар, тартип коргоо жана муфтияттын өкүлдөрү чогулуп, ушундай чечимге келишкен.
1/3
Ош шаарындагы Жапалак айыл өкмөтүндө айылда сатылган арактын баары жок кылынат
2/3
Мындан бир нече күн мурда кайгылуу окуя болгон. Ичип алды делген 83 жаштагы абышка кемпири менен кер-мур айтыша кетип, бычак менен сайып жиберген
3/3
Ал окуядан кийин айылдагы аксакалдар, тартип коргоо жана муфтияттын өкүлдөрү чогулуп, ушундай чечимге келишкен.

Мындан бир нече күн мурда кайгылуу окуя болгон. Ичип алды делген 83 жаштагы абышка кемпири менен кер-мур айтыша кетип, бычак менен сайып жиберген. Анын кесепетинен 79 жаштагы байбичеси кансырап каза болгон. Ал окуядан кийин айылдагы аксакалдар, тартип коргоо жана муфтияттын өкүлдөрү чогулуп, ушундай чечимге келишкен.

"Жыйындан кийин бардык арактар жок кылынат. Кечээ анын баарын аймактагы дүкөндөрдөн сатып алып, үч Hyundai Porter автоунаасына жүктөштү. Жалпы баасы 400 миң сом болду. Жергиликтүүлөр айылда арактын сатылышына каршы чыгып жатат", — деп билдирди ал жерде жүргөн аймактык кабарчы.

Колунда арак кармаган айдоочунун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
ИИМ милиционерлерди кайсы кылыгы үчүн сөгүш берип, кызматтан алган
14-июлда Жапалакта 83 жаштагы абышка кемпирин сайып жиберип, ал каза тапкан. Кийин ал кырсык учурунда кызуу болгондугун айткан.

"Ичип алган элем. Ачуумду токтото албай стол үстүндѳгү бычак менен кулак түпкѳ сайып жибергем. Кемпирим кыйкырган боюнча эшикке качып чыкты эле", — деп милицияга түшүндүрмѳ берген. 

Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергѳѳ жүрүп жатат. Кылмышка шектүү Ош шаарындагы убактылуу кармоо жайында отурат.

Жаңылыктар түрмөгү
0