Жээнбеков премьерлик кызматтан качан кетиши керек. Шайлоо-2017

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү
Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы президенттикке талапкер болуп расмий катталган учурдан тарта премьер катары ишин токтотушу керек.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынан Сооронбай Жээнбеков премьер-министрлик кызматын мыйзам боюнча 2017-жылдын 10-сентябрына чейин өткөрүп бериши керектигин айтышты.

Жогорку Кеңештин спикери Турсунбай Чыныбековдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
КСДПнын съездинде Чыныбай Турсунбеков президенттикке эмне үчүн барарын айтты
Ишемби күнү КСДП партиясы кезектеги съездинде азыркы премьер-министрди президенттикке талапкер катары көрсөтүү чечимин кабыл алды.

БШКнын маалыматына караганда, талапкерлер документтерин тапшырган соң комиссия алардын "Президенттикке жана ЖКга болуучу шайлоолор жөнүндө" конституциялык мыйзамдын талаптарына жооп берер-бербесин текшерет. Андан соң гана каттоо чечимин кабыл алат.

Талапкерлерди көрсөтүү 1-августка чейин уланат. Алар документтерин 1-сентябрга чейин тапшырып жетишүүсү керек. Андан 10 календарлык күн өткөн соң БШК талапкерлерди каттайт да, үгүт иштери башталат.

Кыргызстандын президентин шайлоо 2017-жылдын 15-октябрында болот.

"Каттоодон өткөндөн кийин талапкерлер өздөрүнүн иши токтотууга милдеттүү. Ал эми катталганга чейин эч кандай чектөөлөр болбойт", — деп айтышты БШКдан.

Ошентип, катталгандан кийин премьер кызматын вице-премьерлердин бирине тапшырышы керек.

Эске сала кетсек, учурда БШКга президент болом деген 26 жаран документтерин тапшырган.

Портфельчен адамын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
"Шматрица" компаниясынын башчысы президенттикке талапкерлигин көрсөттү
Алардын ичинен өзүн көрсөткөндөр: Назарбек Нышанов, Өмүрбек Текебаев, Арстанбек Абдылдаев, Бакыт Дегенбаев, Сайнидин Султанидинов, Камила Шаршекеева, Таалатбек Масадыков, Өмүрбек Бабанов, Рита Карасартова, Турсунбай Бакир уулу, Замира Муратбекова, Санжарбек Энназаров, Сагынбек Абдрахманов, Мукар Чолпонбаев, Кубан Чороев, Анвар Сартаев, Куттубек Бешбаков, Игорь Трофимов жана Максатбек Жумабеков, Улукбек Кочкоров, Нусрет Муса-Оглы Мамедов жана Руслан Жунусов.

Партиядан көрсөтүлгөндөр: Бакыт Төрөбаев ("Өнүгүү-Прогресс"саясый партиясынан), Темир Сариев ("Ак-Шумкар" саясий партиясынан), Турсунбек Акун (Адам укугу саясий партиясынан) жана Адахан Мадумаров ("Бүтүн Кыргызстан" партиясынан).

Кыргызстандын президенти алты жылга шайланат. Ага эки ирет удаасы менен мамлекет башчы болууга укук берилбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0