Кандуу июнь. Өткөн айда өмүрлөрдү жалмаган жол кырсыктарын тизмектеп чыксак, бала бакчанын ашпозчусу, милиция кызматкери, КамАЗдын ыргып кеткен дөңгөлөгүнөн көз жумган өспүрүм бар экен.
Өткөн айды айтып оозду жыйгыча Ысык-Көлдө дагы жол кырсыгы анда эки унаа бетме бет сүзүшкөн. Кырсык каш-кабактын ортосунда, деги шашпай, алдастабай айдаган адамдар калбай калган өңдөнөт.
Адамдын өмүрү үчүн күрөшкөн ак халатчандар жашоосу. Кырсыктан кийин аман калгандар ак халатчандардын колуна түшөт. 2-июль — Кыргызстанда медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүн утурлай кабарчылар дарыгерлердин бир күндүк жашоосуна көз жүгүртүп чыкты. Материалда ичегиси чубалган аялдан кызга айланган эркекке чейин бар.
Жаман жаңылык жазып жатып башым чыңалып чыкты. Позитивге өтөлүчү. Кыргызстанга келин болбойм деп келишим түзгөн кытайлык кыргыз ким экенин билесиздерби? Ал кыргызча созолонтуп ырдап эл аралык сынактарга катышып жүргөн Таңнуру Мухаммет этникалык кыргыз кызы. Эмне үчүн мындай келишим түзүлүп, өлкө атынан ырдап жүргөнүн кабарчыбыз Эламан Кармышаков билип көрдү.
Жайлоогүл болуп кала жаздаган Нурзат. Алып баруучу Нурзат Токтосунова 39 жашка толуп, туулган күнүн белгиледи. Буга байланыштуу кабарчылар ал тууралуу алты чындыкты жазып, жеке жашоосу менен чыгармачылыгына бир үңүлүп көрүштү.
Жылдыздарды кийинткен баткендик бала. Чет элдиктер кыргызстандык дизайнерлердин колунан жаралган кийимдерге кызыгып, ал тургай кызыл килемге чыгаарда буйрутма берип тиктире башташты. Кийими, чыгармачылыгы менен сырттагыларды суктандырган дизайнерлердин арасында Арзубек Аманов да бар. Анын колунан чыккан көйнөктөр Кыргызстандын сулууларынын эле эмес, казакстандык жылдыздардын купулуна толуп алар менен да иштеше баштаган.
Ажайып аймактар. Кыргызстандагы бул жерлерди көргөндөр да, көрбөгөндөр да арманда. Көздөн эле кечирип койсоңуз, бул сүрөттөр укмуш маанай тартуулайт.
Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.21 (сатып алуу) жана 69.47 (сатуу) сомду түздү.
Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.50 сом, АИ-95 үлгүсүндөгүсү 42.00 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.
Соңку сөз. Кырсыктан сак, оорудан оолак бололу!
Амандыгыңыздарды тилеп, Таалайгүл Усенбаева