Кыргыз, казак жылдыздарын кийинткен баткендик бала. Жадатма буюмга жашоо коротпогула

© Фото / Рустам Талипов Кыргызстанский дизайнер одежды Арзубек Аманов
Кыргызстанский дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дизайнер Арзубек Аманов мода дүйнөсү айымдарга гана таандык деген көндүм пикирлерди четке кагат

Бул мырзанын колунан чыккан кийимдер Кыргызстандын сулууларынын эле эмес, казакстандык жылдыздарынын купулуна толгонун угуп жүрөбүз. Эстрада жылдыздары менен аткаминерлердин жубайлары эмнеликтен Арзубектин колунан чыккан көйнөктөргө суктанышарын Sputnik Кыргызстандын кабарчысы билип көрдү. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык дизайнер Арзубек Аманов: жаңы көйнөк жаратуу канчалык кызык экенин элестете дагы албайсыңар
Кыргызстанский дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык дизайнер Арзубек Аманов: жаңы көйнөк жаратуу канчалык кызык экенин элестете дагы албайсыңар

— Дизайн жана кийим үлгүсүн жасоого шыгыңыз бар экенин качан байкадыңыз?

Стилист, дизайнер одежды Замира Молдошева - Sputnik Кыргызстан
Дизайнер Замира Молдошева: ырчылардын талантына карап туруп стилине киришем
— 11-класста окуп жатканымда бул адистикке токтолдум. Адегенде врач болгум келген. Балким, кадыры кеткен кеп болор, бирок, эжелеримдин кийимдерин карап, андан да татына, назик көрсөтчү образдарды жаратууга болорун түшүнчүмүн. Студент кезимден тарта кийим үлгүлөрүн жасай баштадым. Үйдө тигүүчү кичинекей машина бар эле, кездемени да өзүм сатып алып, майда-чүйдөсүнө чейин терең карайт элем. Кездеме тандоо, ийне-жибине чейин кылдат ойлонуп, образ жаратуу канчалык кызык экенин элестете да албайсыз.

Ошентип бир нече жыл буюртмалардан акча топтоп жүрүп, керектүү каражат чогулганда өз ательемди ачтым.

Наша прекрасная "МИСС КЫРГЫЗСТАН 2017" @begimaykarybekova #vonamaatelier #vonamamodels #vonama

Публикация от VONAMA ARZUBEK 21year (@arzubek.vonama) Апр 5 2017 в 11:14 PDT

— Сиздин группалашыңыз, менин кесиптешим Табылды Кадырбеков университетте сизди урушуп калчу окутуучулар азыр сиздин кол алдыңызда иштеринен кеп салган эле.

— Чакан Бишкектин экономикалык шарттарында, казак рыногуна баш багууну эске алуу менен мага татыктуу команда зарыл эле. Мага багыт берип, өнөрүмдү өрчүтүүгө көмөк көрсөткөн адамдар – өз ишинин мыктылары. Аларга абдан ыраазымын, бир ательеде биргеликте иштеп жатканыма сыймыктанам.

— Ателье демекчи, аны ачууга канча каражат жумшалды?

— Бир нече жыл чогулттум, жеке эсебимде чоң эле сумма сарпталды. Долбоорубуз ийгиликтүү иштеп кетиши үчүн устаканабыздын алдында дизайнерлер мектебин, моделдик агенттик да ачтык. Бул дизайнерлердин да, моделдердин да турмушун, келечегин жеңилдетет. Көпчүлүк учурда ишти ичинен түшүнбөй, ийгиликтен куру калабыз. Тилекке каршы, подиумда карьера жасоону каалаган кыздар да дизайнерлер менен кызматташууну жакшы түшүнүшпөйт.

© Фото / Рустам Талипов Дизайнер ырчылар Анжелика Бекболиева, Гүлнур Сатылганова жана казакстандык "Кешью" тобунун образдары боюнча иштеген
Дизайнер ырчылар Анжелика Бекболиева, Гүлнур Сатылганова жана казакстандык Кешью тобунун образдары боюнча иштеген - Sputnik Кыргызстан
1/5
Дизайнер ырчылар Анжелика Бекболиева, Гүлнур Сатылганова жана казакстандык "Кешью" тобунун образдары боюнча иштеген
© Фото / Рустам Талипов Жылдыздар менен аткаминерлердин жубайлары Арзубектин колунан чыккан көйнөктөргө суктанышат
Жылдыздар менен аткаминерлердин жубайлары Арзубектин колунан чыккан көйнөктөргө суктанышат - Sputnik Кыргызстан
2/5
Жылдыздар менен аткаминерлердин жубайлары Арзубектин колунан чыккан көйнөктөргө суктанышат
© Фото / Рустам Талипов Арзубек Аманов кардарларына оюндагы кийимдерди тигип берет
Арзубек Аманов кардарларына оюндагы кийимдерди тигип берет - Sputnik Кыргызстан
3/5
Арзубек Аманов кардарларына оюндагы кийимдерди тигип берет
© Фото / Рустам Талипов Арзубек Аманов: бүгүнкү күндө таасирдүү ошол эле учурда ыңгайлуу кийинсе болот
Арзубек Аманов: бүгүнкү күндө таасирдүү ошол эле учурда ыңгайлуу кийинсе болот - Sputnik Кыргызстан
4/5
Арзубек Аманов: бүгүнкү күндө таасирдүү ошол эле учурда ыңгайлуу кийинсе болот
© Фото / Рустам Талипов Арзубек Аманов: подиумда карьера жасоону каалаган айрым кыздар да дизайнерлер менен кызматташууну жакшы түшүнүшпөйт
Арзубек Аманов: подиумда карьера жасоону каалаган айрым кыздар да дизайнерлер менен кызматташууну жакшы түшүнүшпөйт - Sputnik Кыргызстан
5/5
Арзубек Аманов: подиумда карьера жасоону каалаган айрым кыздар да дизайнерлер менен кызматташууну жакшы түшүнүшпөйт
1/5
Дизайнер ырчылар Анжелика Бекболиева, Гүлнур Сатылганова жана казакстандык "Кешью" тобунун образдары боюнча иштеген
2/5
Жылдыздар менен аткаминерлердин жубайлары Арзубектин колунан чыккан көйнөктөргө суктанышат
3/5
Арзубек Аманов кардарларына оюндагы кийимдерди тигип берет
4/5
Арзубек Аманов: бүгүнкү күндө таасирдүү ошол эле учурда ыңгайлуу кийинсе болот
5/5
Арзубек Аманов: подиумда карьера жасоону каалаган айрым кыздар да дизайнерлер менен кызматташууну жакшы түшүнүшпөйт

— Пайда табуу жагынан кеп козгосок, бул иш канчалык кирешелүү?

— Киреше ишти канчалык кеңейткениме жараша болот. Так сандарды атагым жок, бирок, салтанаттарга кийилчү кыска көйнөктүн болжолдуу баасы – 8 миң сом. Бишкекте мындан арзан жерлер да бар, бирок, мен тиккен көйнөк менен баарын багынтарыңызга кепилдик берем.

Основатель дома моды DILBAR Дильбар Ашимбаева - Sputnik Кыргызстан
Дилбар Ашимбаева: Раиса Атамбаева сындуу болгондуктан кийим тандоо оор эмес
Мен кантип кийим тигем? Адегенде кардар менен сүйлөшөм, пикирин угуп, оюна кандай кийимди кыялданганын билген соң, кеңешип-таңашып, анан образ иштеп чыгып сунуштайм. Кийинки иш кесиптештеримдин колунда.

Өзүбүздүн жана чет элдик атактуулар менен да көп иштештим. Депутаттардын жубайлары, жарашыктуу кийингиси келген карапайым айымдар да кайрылышат. Оюндагысын тигип беребиз.

Бирок, азыр жаңы нерселерди демилгелеп, мурдагыдай машина тигип көп олтурбай калдым. Командам жардам берет. Жаңы нерселерди иштеп чыгып, жаңы үлгүлөрдү долбоорлоп жатам.

Башка тарабы – өзүңдү таанытуу. Дизайнер көргөзмөлөргө катышууга тийиш, андай иш-чаралар үчүн кийимдерди даярдоо убакытты да, каражат менен күчтү да талап кылат. Кеминде жүз миң сом зарыл.

— Биздин жана чет элдик эстрада жылдыздары менен иштегениңизди айттыңыз жогоруда. Ысымдарын атасак…

БУУга караштуу МАГАТЭде (атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик) эмгектенген, дизайнер Гульнур Тоялиева маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
МАГАТЭде иштеген Тоялиева: кылчайсам, өмүр өтүп жатыптыр... мен кыялыма кайтып келдим
— Жергиликтүү жылдыздардан — Анжелика Бекболиева, Гүлнур Сатылганова, ошондой эле казакстандык "Кешью" тобунун образдары боюнча иштегем. Ошондой эле кыргыз эстрадасындагы мырзалары менин колумдан кийинип калышты.

Эки мамлекетке иштеп жүрүп Казакстанда адамдар бизге караганда ачык, эркин экендигин баамдадым. Кыздар күндөлүк турмушта да башыңды айланта тургандай таасирдүү кийинип жүрүшөт. А бизде күнүмдүк ыңгайлуу стиль (casual) басымдуулук кылат.

— Азыркы таптагы мода боюнча кандай ойдосуз?

— Бүгүнкү күндө ыңгайлуу, таасирдүү, дагы бир ирет кайталайм, ыңгайлуу кийинсе болот. Кыргызстанда ыңгайлуулуктун артыкчылыгын аңдап калышты. Шаардын, өлкөнүн көчөлөрүнөн сонун көйнөкчөн кыздарды көп көрө баштадык.

Кийим тандоодо кыздарыбыз өткүр болуп баратканы кубандырат. Бишкекте саркеч, жаркын жүрүүгө бардык шарттар бар, жадатма буюмдарга жашоо коротуп кереги не? Шаарыбызда өзгөчө жагымдуу образдарды көргөндө көңүлүм көтөрүлөт. Бул дизайн чөйрөсүнүн келечегинен, коомчулуктун чектөөсүнөн чыгууга болорунан кабар берет эмеспи. 

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык дизайнер Арзубек Аманов: Казакстанда адамдар бизге караганда ачык жана эркин
Кыргызстанский дизайнер одежды Арзубек Аманов - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандык дизайнер Арзубек Аманов: Казакстанда адамдар бизге караганда ачык жана эркин

— Калктын жарымынын сүймөнчүгүнө татып, экинчи бөлүгүн кыжырданткан жибек майкаларчы?

— Пижама (бешмант) стили – бул сексуалдуу, ошол эле учурда саркечдеп айтсам жаңылбайм. Аны иш боюнча жолугушууларга да, башка кийимдер менен туура ылайыкталса, клубдагы кечеге да кийүүгө болот. Бул стилди көпчүлүк жактырбай, төшөктөн көзүн ушалап эле туруп келгендей кабылдашарын билем.

Бирок, өмүр бою бир эле стилде кийинип жүрө берген болбойт да. Учурга ылайык тенденцияны, жок дегенде байкап-сынап көргөн оң. Маселен, мен кийип турган костюм да бул стилде.

— Жакшынакай экен. Аялдар бул багытта бир аз ыкчамыраак. Кечээ эле кийилген баркыт кофталар бүгүн үйдө чаң басып жатат. Бирок, мырзалардын арасында акыркы он жыл аралыгында басымдуулук кылган эки гана нерсе бар. Алар – чыптаган жинсы жана сакал.

— Эми бул деле жакшы нерсе. Эркектердин дүйнөсү аялдардыкына караганда башка да. Өзүңүз деле байкелерибиздин абдан саркеч шым кийип жүргөнүн элестетсеңиз. Күлкүлүүбү?

Эжеке байкелерим менен! Чон Рахмат 🎙😊 #свадьбасестренки

Публикация от VONAMA ARZUBEK 21year (@arzubek.vonama) Ноя 22 2016 в 8:41 PST

—… Бир кызык көрүнмөк.

— Ошону айтам. Коллекция үчүн эркек кийимдеринин да үлгүлөрүн иштеп чыгуудамын. Бирок, ательеде мырзалардын классикалык костюмдарынын аз гана түрлөрүн көрө аласыз. Кайталангыс үлгүлөрүн буюртма менен гана тигебиз.

— Жаңыдан иш баштап жаткан дизайнерлерге кандай кеңеш берет элеңиз?

— Өзүм деле жаңыдан кадам таштап келе жатам да. Ательенин ачылганына бир жыл гана толду. Өзүмө эмне кааласам, кесиптештериме да ошонун баарын жолдойм. Жаңы нерсени байкап-сынап көрүүдөн чочулабагыла, тобокелге салгыла, туура сынды туура кабыл алгыла жана өзүңөрдү өзүңөр өнүктүрүп-өрчүткүлө демекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0